Жаңылыктар

Алыкул таануу илимий Борбору

23-декабрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун алдында  Алыкул таануу илимий Борбору ачылды. Борбордун ачылышы менен бирге эле өткөн жылы А.Осмонов атындагы республикалык фонду менен БМУ тарабынан өткөрүлгөң Эл аралык “Алыкулду окуйбуз” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн “Акынга таазим” жыйнагы, акындын казак жана өзбек тилинде ырларынан которулган китептеринин бет ачары болду.

      Иш чарага Кыргыз Эл акындары, жазуучулар союзунун мүчөлөрү, Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары, Алыкул таануучулар жана Улуттук илимдер Академиясынын Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, ошондой эле Кыргыз Экономикалык университетинин адабиятчы окумуштуулары катышты. Келген меймандар белгилүү манасчылар, кыргыз адабиятынын залкар инсандары Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, А.Осмоновго арналган “Адабият Өргөөсү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү жана Алыкулга арналган кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен таанышышты. Кеченин башталышында кинорежиссер А.Чодуева тарабынан даярдалган Алыкулдун замандаштарынын эскерүүлөрү боюнча документалдык  тасмасы көрсөтүлдү.

       Жыйынды Бишкек мамлекеттик университетинин проректору А,Т.Сатиев ачып, жаңыдан ишин баштап олтурган илимий Борборго ийгиликтерди каалоо менен БМУнун ректораты тарабынан колдоо иретинде орг техниканы тапшырды.

      Борбордун жетекчиси, Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун доценти З. Асаналиев келген меймандарга Борбордун аткара турган иштери, алдыдагы максаттары тууралу кеңири баяндама берди. Таанытымы өтүп жаткан акынга арналган “Акынга таазим”, казакча, өзбекче которулган ырлар жыйнактары туурасында, басууга даярдалып жаткан кара калпак тилиндеги жыйнак жана Ш.Үмөталиевден берки А.Осмоновдун поэзиясы боюнча иликтенген илимий макалалар жыйнагы туурасында айтып берди.

       Кечеде чыгып сүйлөшкөн Кыргыз Эл акыны Т.Закирова, жазуучулар союзунун мүчөлөрү Ш. Ажыбеков, К.Шерипбаев, Д.Юсупов, К.Ниязова, П.Казыбаевдер жаңы жарык көргөн китептер туурасында калоо тилектерин билдиришти. Улуттук илимдер Академиясынын Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы М.Көлбаева Улуттук Академия менен Борбордун алдыдагы биргелешип иш алып баруу жолдору туурасында пикирин билдирди. Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасысынын башчысы К. Абакиров, адабиятчы сынчы А.Медетов Алыкул изилдөө иштериндеги маселелерге токтолушту.  И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Мырзатаева, К.Карасаев атындагы БМУнун доценти сынчы, адабиятчы Э.Кылычев ошондой эле Кыргыз Экономикалык университетинин ага окутуучусу Ч.Бектурова Борбор менен биргелешип иш алып баруудагы максаттар туурасында сунуштарын, каалоо тилектерин билдиришти.

     Кеченин соңунда А.Осмонов атындагы фонддун төрагасы, жазуучу  Б.Мамытов фонд менен илимий Борбордун эриш аркак иш алып баруусуна үмүт артып, быйылкы жылдагы Алыкулга арналган мыкты чыгарма жараткан жана Алыкулдун канаттуу поэзиясын жайылтууга активдүү катышкан бир катар поэзия сүйүүчүлөргө фонддун сыйлыктарын тапшырды.

     Жаңыдан ишин баштаган Алыкул таануу илимий Борборуна ийгиликтерди каалайлык.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *