Институт жөнүндө

 

 

Биздин болочок студенттерге!

      Жыл өткөн сайын эмгек рыногундагы атаандаштык күчөп баратат. Алдыга өнүккөн динамикалык коомдо адистерге өзгөчө Кыргызстандын экономикалык-саясий рыногунда учурдагы глобалдык процесстерди көтөрүүгө жөндөмдүү, социалдык-саясий жана руханий жактан өнүгүүнүн жаӊы баскычына көтөрүлө алган жаңы талаптар коюлууда.

      Мындай деңгээлдеги адистерди даярдоо бардык эле ЖОЖдордун колунан келе бербейт. Жаңы инновациялык окутуу технологияларын колдонуу менен биз кесипкөйлүк менен кошумча атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон жогорку класстагы адистерди даярдайбыз. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөйлүк потенциалына олуттуу бизнес структуралар, мекеме-ишканалар, жана мамлекеттик башкаруу органдары жогору баа беришүүдө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИРДЕН БИР КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖОЖДОРУНУН БИРИ БОЛГОН БИЗДИН ИНСТИТУТКА КОШ КЕЛИӉИЗДЕР!

 

Институттун студенттери жөнүндө

    Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда республиканын бардык аймактарынан сырткары, жакынкы жана алыскы коӊшулаш өлкөлөрдөн (Казахстан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Таджикстан, Туркия ж.б.) студенттер келип окушат. Эң мыкты салттуу жана новатордук ыкмаларды жаңы инновациялык технологиялар менен айкалыштыруунун натыйжасында  бул жылдары  Институт өзүнүн имиджин көтөрө алды. Мунун натыйжасында институттун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын мыкты делген компанияларында, фирмаларында, эл аралык долбоорлордо эмгектенишүүдө, чет өлкөлөрдө окууларын улантышууда.

    Студенттердин саны жыл сайын өсүүдө, бүгүнкү күндө алардын саны 4 миңди түзөт. Сырттан окуган студенттердин арасында юридикалык жана медициналык илимий даражага ээ болгон адамдар да кездешет, алар экинчи жогорку билим алуу максатында биздин институтту тандашкан. Мындан сырткары биргелешкен ишканалардын, алдыңкы фирмалардын жана компаниялардын жетекчилери, Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин аппаратынын кызматкерлери, раймамадминистрациялардын бөлүм башчылары, көптөгөн мамлекеттик органдардын башкы адистери да бизден экинчи адистиктерин алып, билим деңгээлин жогорулатышууда.

Биздин артыкчылыктар:

– заманбап жана өзгөчө суралган адистиктер боюнча элиталык жогорку билимдер

– дүйнөлүк билим берүү аймагындагы алдыңкы ЖОЖдор менен тыгыз байланыштардын интеграциясы, эл аралык тажрыйба алмашуулар

– студенттердин тилдик жана өндүрүштүк практикалары

– инновациялык технологиялык окутуулар, жогорку деңгээлдеги илимий-лабораториялар менен камсыздалышы

– заманбап материалдык-техникалык база. Интернеттеги эркин байланыш, мультимедиялык класстар, заманбап компьютердик  жабдыктар менен камсыздалышы

– Салыштырмалуу окутуу акысынын арзандыгы (сом менен)

– башкаруу кадрларын окутуудагы салмактуу тажрыйба

– профессор-окутуучулардын уникалдуу курамы

– билим берүү программаларынын көп түрдүүлүгү, окуу жайдагы жаңы, оригиналдуу бизнес-билим берүү багытын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр.

     Үзгүлтүксүз билим берүү институту  (ҮББИ) 1999-жылдын 21-январында БГУнун окумуштуулар Кеңешинин чечиминин жана БГУнун ректорунун приказынын негизинде түзүлгөн.

     2012-жылы  Үзгүлтүксүз билим берүү институту БГУдагы чоң структура катары Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институту болуп кайрадан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясын алган.

     Азыркы учурда Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда республиканын бардык аймактарынан сырткары жакынкы жана алыскы коӊшулаш өлкөлөрдөн (Казахстан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Таджикстан, Туркия ж.б.) студенттер окушат. Эң мыкты салттуу жана новатордук ыкмаларды жаңы инновациялык технологиялар менен айкалыштыруунун натыйжасында  бул жылдары  Институт өзүнүн имиджин көтөрө алды. Институттун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын  мыкты делген компанияларында, фирмаларында, эл аралык долбоорлордо эмгектенишүүдө, чет өлкөлөрдө окууларын улантышууда.

    Институтта сабактар окутуунун интерактивдүү ыкмаларынын негизинде дистанттык технологияны пайдалануу менен өткөрүлөт. Бардык дисциплиналар боюнча кредиттик саат көлөмдөрү эске алынуу менен Балон процессинин талаптарына шайкеш окуу методикалык комплексттери (ОМК) иштелип чыккан.

     Окутуучулар берген предметтери боюнча окутуунун сапатын жогорулатуунун үстүндө дайыма эмгектенип келишет. Бул максатта кафедраларда ай сайын кеңешмелер, окуу методикалык Кенешинин (ОМК), илимий-изилдөө иштеринин (ИИИ)  жыйындары болуп, ОМКлардын иштелип чыгышы, окутуудагы жаңы инновациялык ыкмалар, сынчыл ой жүгүртүү менен лекцияларды даярдоо, кейстер, аз группалар менен иштөө, талкуу-дебаттар ж.б. талкуулар өтүлүп турат.

     Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда учурда төмөндөгү структуралар бар:

– 4 кафедра: 

  1. Тилдер жана коомдук илимдер кафедрасы;
  2. Менеджмент жана социалдык-маалыматтык технологиялар кафедрасы;
  3. Педагогикалык билим берүү  жана  инновациялык технологиялар  кафедрасы;
  4. Экономика, каржы жана бухгалтердик кафедрасы.

– кадрлар бөлүмү;

– дистанттык билимдер сектору;

– компьютердик технологиялар бөлүмү;

– компьютердик класстар;

– китепкана;

– окуу залы.

Институттун миссиясы

     – окутуу, тарбия,  илимий жана коомдук ишмердүүлүк процессин интеграциялаган жаңы инновациялык билим берүү технологиясынын негизинде заманбап атаандаштык билим берүү чөйрөсүндө жалпыга бирдей, сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүүнү камсыздоо.

    Учурда Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институту менен Россия жаңы университетинин дистанттык жана сырттан окутуу институтунун ортосунда келишим түзүлгөн, Кытай Эл Республикасынын Илимдер Академиясынын география жана жаратылыш ресурстары институту менен илимий долбоор даярдалган.