Менеджмент жана социалдык-маалымат технологиялар кафедрасы
Кафедра башчысы – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алимбеков Кеңешбек Алайчиевич
Кафедранын миссиясы: биздин билим жана тажрыйбабыз аркылуу трансформацияланган заманбап, сапаттуу жана түшүнүктүү билимди камсыздоо, илим жана билим берүү технологияларын өнүктүрүү аркылуу, алган билими менен илимде, өндүрүштө, ишкердик чөйрөдө идеяларды практикалык ишке ашырууга жөндөмдүү жаңы формациядагы адистерди даярдоо.
Кафедранын тарыхы
Менеджмент жана социалдык-маалыматтык технологиялар кафедрасы 2002-жылы №33 / K (а) 28.06.02. буйругунун негизинде түзүлгөн, БГУнун алдындагы Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун структуралык бөлүмү болуп саналат. Азыркы учурда кафедрада төмөкү беш багыт боюнча окутуунун сырттын окуу формасы боюнча кадрларды даярдоо ишке ашырылат:
- 521101 «Социалдык кызмат», «социалдык кызмат боюнча бакалавр» квалификациясы;
- 521502 «Мамалеттик жана муниципалдык башкаруу», «менеджер-бакалавр» квалификациясы;
- 580200 «Менеджмент», «менеджер-бакалавр» квалификациясы;
- 521001 «Психология», «психолог-бакалавр» квалификациясы;
- 600200 «Туризм», «бакалавр» квалификациясы;
«Менеджмент», «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Социалдык кызмат», «Психология», «Туризм», багыты боюча орто, атайын орто жана жогорку билим берүү базасында адистерди даярдоону жүзөгө ашырат. Кафедрага төмөнкү сабактар бекитилген: математика, информатика, экология, география жана азыркы учурдагы табият таануу концепциясы (АУТТК). Ушул предметтер ҮжАББИнин бардык адистиктерине окутулат. Штаттык түзүмгө ылайык 29 окутуучу иштейт. Алардын ичинен:
- Илимдин докторлору, профессорлор – 3 (Анаркулов Х.Ф., Атантаев И.А., Орозалиев Э.С.);
- Илимдин кандидаты, профессор – 1 (Ботоканов А.И..);
- Илимдин кандидаттары, доценттер – 8 (Алимбеков К.А., Егемкулова Б.А., Аламанов С.А., Эгембердиев Ш.А., Мусаева Н.К., Токтобаев К.А., Бузурманкулова Ж.А., Канаева И.Б.);
- Доценттин милдетин аткаруучулар – 7 (Амерханова С.А., Байбориев А.Ж., Жумадинов Ш.Ж., Токтоболотова Н.А., Старченко Е.Г., Бекишева Ч.Б., Суйуналиева Ч.К.);
- Ага окутуучулар – 7 (Чогулдурова Э.К., Эсеналиева В.А., Оторова А.Т., Джеенбекова З.Э., Ибраимов М.Т., Джаналиева А.Т, Тагаева С.К.);
- Окутуучулар – 2 (Саттаров У.С., Джекшенова Г.).
Жалпысынан18 «Билим берүүнүн мыктысы» эмгектенишет.
Азыркы учурда кафедрада «Менеджмент: социалдык-экономикалык жана маалыматтык аспектилери» темасы боюнча илимий-изилдөөчүлүк иштер жүргүзүлөт. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий теманы иштеп чыгууга активдүү катышышат. Ай сайын кафедрада илимий-теориялык семинарлар өткөрүлүп, окутуучулар сырттан окутуу окуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу маселелерин карашты. Отчеттук мезгил ичинде, бардык окутуучулар, ар кандай эл аралык конференцияларга жана семинарларга катышкан.
Илимий-изилдөө жана илимий-усулдук иштери
Байсубанов У.К. – 28.02.2018. « Кыргызстанда эпистемологиялык көйгөйлөрдү изилдөө: тарыхый-логикалык талдоо» деген темада 09.00.02 –философия тарыхы адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргоду.
Окуу-усулдук колдонмолорду чыгаруу жана жарыялоо
Аталышы |
|
Басма, журнал |
Басма барак- |
Автору |
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарын изилдөөгө киришүү» |
Окуу китеби |
ОшМУ 2017 |
|
доц. м.а. Токттоболотова Н.Б. |
Психикалык жактан жабыркаган адамдарды социалдык-медициналык калыбына келтирүү |
Усулдук колдонмо |
Бишкек «Гүлчынар» басмасы |
1.п.л. |
|
Даниянын социалдык кызмат тажырыйбасы |
Маалыматтык-усулдук колдонмо |
КР социалдык кызматкерлердин ассоциациясы |
|
|
БНС физиологиясы |
Усулдук колдонмо |
басмаканада |
0,8 |
Федорова С.В. |
2018-жылдын 19-апрелинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган БГУнун алдындагы Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун алкагында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туристтерди тартуу» боюнча тегерек стол уюштурулган. Тегерек столдо баяндама жасагандар:
- Алимбеков К.А. доц. – «Кыргыз республикасындагы туризмди өнүктүрүү тенденциялары»
- БайбориевА.Ж. доц.м.а. – «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туристтерди тартуу»
- Тагаева С.К.ага окутуучу – «Этникалык жана экологиялык аң-сезимдин модели катары көчмөндөрдүн психологиясы
- Оторова А.Т. ага окутуучу – «Көчмөн элдердин бийлик иерархиясы жана башкаруу институттары»
- Саттаров У.С. окутуучу – «Баткен областынын туристик потенциалы»
Кафедрада илимий макалалар жыйнагын чыгаруу уюштурулган.
- Алимбеков К.А. доц. – «Кыргыз республикасында туризмдин өнүгүү тенденциялары».
2. БайбориевА.Ж. доц.м.а. – «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туристтерди тартуу».
3. Тагаева С. К. ага окутуучу – « Көчмөндөрдүн психологиясы этникалык жана экологиялык аң-сезимдин модели катары». - Оторова А.Т. ага окутуучу – «Көчмөн элдердин бийлик иерархиясы жана башкаруу институттары»
5. Саттаров У.С. окутуучу – «Баткен областынын туристик потенциалы»
6. Ботоканов А.И., Тетенькин Б.С. – Агробизнес адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча усулдук комплекс. Усулдук комплекс Киров ш. (РФ), 2017. 14,7 бб.
7. «Өспүрүм курактагы Мен-концепциясынын өнүгүү өзгөчөлүктүрү»
Даярдалган жана басылып чыккан илимий макалалар:
- Алимбеков К.А. доц. – «Кыргыз республикасында туризмдин өнүгүү тенденциялары»; «ШКУ өлкөлөрүн өнүктүрүүдө эл аралык миграциянын тийгизген таасири»
- Токтоболотова Н.Б. – «Балыкчы шаарын өнүктүрүү стратегиясы» БГУнун жарчысы, июнь 2018-ж.
- Егемкулова Б.А. – «Финансылык маркетинг жана анын өлкөнү өнүктүрүүдөгү ролу»// Н. Исанов атындагы КГУСТАнын жарчысы, 1(55) чыгарылыш, Бишкек 2017-ж. 198-202-беттер.
- – «Маркетинг шартында баа стратегиясын иштеп чыгуу» Н. Исанов атындагы КГУСТАнын вестниги, 1(55) чыгарылыш, Бишкек 2017-ж. 202-206-беттер.
- Чогулдуров М. Д. Жумадинов Ш. – «К. Карасаев атындагы УжАББИда аралыктан окутуу технологиаларын колдонуу тажырыйбасы»// 3-эл аралык илимий-практикалык конференциянын илимий макалалар жыйнагы, Россия, Барнаул. 2-3-ноябрь 2017-ж.
- Эсеналиева В.А. – «Заманбап коомдун актуалдуу көйгөйү катары ден-соолук маданиятын тарбиялоо» // И. Арабаев атындагы КМУнун вестниги.
- Амерханова С.А. – «КРнын мектепке чейинки билим берүү: көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүүнүн келечеги» // «Илимий талкуу: педагогика жана психология боюнча маселелер» илимий макалалар жыйнагы, Москва ш. Россия 2017.
- «Кыргыз элинин этнопедагогикалык каада-салттары» // Ярослав педагогикалык жарчысы 2017-ж.
- Оторова А.Т. – «Пресоналдардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоодо чет өлкө тажырыйбасы» // Педагогдордун Жалпы россиялык порталы, 16,11,2017.
Илимий-практикалык семинарларга, конференцияларга, долбоорлого, тренингдерге, тегерек столдорго катышуу
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы төмөнкү илимий-усулдук семинарларга, конференцияларга, жана тегерек столдорго катышты:
№ |
Аты-жөнү |
Иш-чаралардын аталышы |
Өткөрүү орду жана убактысы |
1 |
Амерханова С.А. |
«Наристе» мектебине балдарды даярдоо программасы боюнча педагогдор үчүн усулдук колдоо |
Бишкек, январь 2018-ж. |
2 |
Ьекишева Ч.Б. |
«Электрондук окутуу: сапаттуу башкаруунун теориялык жана практикалык аспектилери» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, «Маалыматтык технология – экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолдору: көйгөйлөр жана чечимдер» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, «Кесиптик МТ билим берүү: чакырыктар жана келечеги» тегерек стол |
17-ноябрь 2017, |
3 |
Токтоболотова Н.Б. |
Ист-Вест институту тарабынан ишке ашыруу жана эл аралык өнүгүү боюнча каржылаган агенттиги КРда Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) алкагындагы «Социалдык ишкердик» деген окуу программасын иштеп чыгуу боюнча семинар. Ист-Вест институту тарабынан ишке ашыруу жана эл аралык өнүгүү боюнча каржылаган агенттиги КРда Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) алкагындагы «Коммерциялык эмес уюмдардагы социалдык ишкердик» деген окуу программасын иштеп чыгуу боюнча семинар. «КРдагы коммерциялык эмес башкаруу тармагындагы билим берүүнү өнүктүрүү: тажырыйбасы жана келечеги» конференцияда чыгып сүйлөдү. |
21-22-сентябрь 2017-ж.
24-25-ноябрь 2017-ж. |
4 |
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы |
«Көчмөндөр оюндары – көчмөн элдердин маданий баалуулуктарын, тарыхын чагылдыруу жана сактоо» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы |
БГУ, 16-май 2018-ж. |
- Квалификациясын жогорулатуу курстарына катышкандар:
№ |
Аты-жөнү |
Иш-чаралардын аталышы |
Өткөрүү орду жана убактысы |
1 |
Амерханова С.А. |
«Евробиримдик өлкөлөрүндөгү жарыялоо жана долборлоо ишмердүүлүк» темасында Квалификацияны жогорулатуу |
Прага.Чехия, сентябрь 2017Санкт-Петербург, Россия |
2 |
Старченко Е.Г. |
«Психология гаризонттору» Психология жумасына катышуу, 17.04 – 22.04. 18. |
Санкт-Петербург, Россия, 17.04-22.04.18 |
3 |
Алимбеков К.А. Оторова А.Т. Чогулдурова Э.К. Тагаева С.К. Эсеналиева В.А. Байбориев А.Ж.Джеенбекова З. Саттаров У.С. |
«Евробиримдик өлкөлөрүндөгү жарыялоо жана долборлоо ишмердүүлүк» темасындагы семинар |
БГУнун алдындагы ҮжАББИ, 22-ноябрь 2017-ж. |
4 |
Джекшенова Г.М. |
Семинар-окуу: «Көз карандысыз аккредитациялоодо кесиптик билим берүүдөгү билим берүү программаларынын өзүнө баа берүү» |
БГУ , март 2018 |
5 |
Бекишева Ч.Б. |
Семинар – тренинг: «КРдагы Болондук процессинин принциптерин ишке ашыруу жаатында аралыктан билим берүү дөгү актуалдуу көйнөйлөр» |
|
6 |
Токтоболотова Н.Б. |
«КРдагы ОГОну ийгиликтүү жана туруктуу уюштуруучулукту өнүктүрүү» боюнча семинар |
Бишкек, 2018 |
7 |
Ибраимов М.Т. Саттаров У.С. Ботоканов А.И. Оторова А.Т. Тагаева С.К. Амерханова С.А. Алимбеков К.А. Анаркулов Х.Ф. Абдужабаров Х.А. Мусаева Н.К. Байбориев А.Ж. Старченко Е.Г. Эсеналиева В.А. Эгембердиев Ш.А.
|
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туристтерди тартуу» III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча илимий-практикалык иш-чаралар алкагында тегерек столго катышуу |
БГУ, ҮжАББИ, апрель 2018. |
Ошодой эле кафедрада ай сайын методологиялык семинарлар өткөрүлөт
№ |
Аталышы |
Мөөнөтү |
Аткаруучулар |
1 |
Аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен окутуудагы ЖОЖдогу менеджменттин өзгөчөлүктөрү |
сентябрь |
Доцент Алимбеков К.А. |
2 |
Волонтерлук ишмердүүлүктүн маңыздуу мүнөздөмөлөрү |
октябрь |
Ага окутуучу Эсеналиева В.А. |
3 |
«Евробиримдиктеги жарыялоо жана долбоорлоо ишмердүүлүк» |
ноябрь |
Доц. м.а. Амерханова С.А. |
4 |
Курактык психология жана өнүгүү психологиясы |
декабрь |
Окутуучу Дээнбекова З. |
5 |
Аналитикалык геометрия: тегиздик, экономикалык тиркемелер |
январь |
Доц. Эгембердиев Ш.А. |
6 |
Персоналдарды башкарууда чет өлкөлүк тажырыйба |
февраль |
Ага окутуучу Оторова А.Т. |
7 |
Кыргызстан ЕАЭБте: көйгөйлөрү жана келечеги |
март |
Ага окутуучу Асылбекова С.Т |
8 |
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү тармагындагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктөрүү |
апрель |
Окутуучу Саттаров У.С. |
9 |
Маркетинг стратегиясынын натыйжалуулугунун индикаторлору |
май |
Ага окутуучу Ибраимов М.Т. |
10 |
Ишканалардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн баалоо |
июнь |
Доц. Егемкулова Б.А. |
Кафедрада жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын, республиканын өкмөтүнүн ведомстволорунун, жана министирликтердин алдыңкы адистерин чакыруу менен увиверситеттин масштабында студенттердин билимин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган иш чара системалуу түрдө жүргүзүлөт.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган БГУнун алдындагы Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун алкагында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туристтерди тартуу» боюнча тегерек стол уюштурулган. 19-апрель 2018-ж.