Экономика, каржы жана бухгалтердик кафедрасы

Кафедра башчысы:
физико-математикалы илимдеринин кандидаты, доцент
Халилов Атахан Ташполотович

Кафедранын миссиясы – экономика, каржы, бухгалтердик эсеп тармагында керектүү деңгээлдеги кесиптик компетенцияга ээ, инновациялык өнүгүү жана модернизациялоо шарттарында атаандашууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Кафедранын негизги стратегиялык максаты –  профессордук-окутуучулук курамдын жогорку сапаттагы курамын сактоо менен окуу процессинин жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Кафедранын тарыхы

«Экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп» кафедрасы К.Карасаева атындагы БМУнун ректорунун буйругуна ылайык эки тектеш «Финансы жана кредит» жана «Экономика» кафедраларынын базасында уюштурулган (2022-жылдын 13-июлундагы 05-4/62 буйругу).

Азыркы учурда кафедра 580100 “Экономика” багыты боюнча бакалаврларды даярдап жатат:

– “Финансы жана кредит” профили

– “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” профили

– “Экономика жана ишкананы башкаруу” профили

– “Салыктар жана салык салуу” профили

Билим берүү программалары аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окутуу формасында ишке ашырылат.

Окуу мөөнөтү:

  • 5 жыл – орто билимдин базасында.

 

Кадрларды даярдоого кафедранын окутуучуларынан тышкары педагогикалык жана илимий-укуктук иштерде чоң тажрыйбасы бар адистер, коммерциялык банктардын, аудитордук фирмалардын, фондулук биржалардын жана башка уюмдардын алдыңкы адистери катышат.

Кафедра биржаларда, банктарда, камсыздандыруу компанияларында, инвестициялык компанияларда, экономиканын ар кандай тармактарындагы ишканаларда, бюджеттик уюмдарда, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөө үчүн экономикалык багыттагы адистерди даярдайт.

Кафедра боюнча жалпы маалымат

Адистик курам

Сабактар

Илимий иштер

Практикалар

Биздин бүтүрүүчүлөр