Жаңылыктар

Ыр түзүлүшүндөгү жаңы табылгалар

Бүгүн 10.11.2023-ж. Эл аралык илим күнүнө карата К.Карасаев ат. БМУнун Үзгүлтуксүз жана аралык билим берүү институтун (ҮАББИ) алдындагы «Алыкул таануу илимий Борбору» (директору Асаналиев З.) жана «Поэзия Ордосу» көркөм адабий бирикмеси, (жетекчиси улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын – Ниязова К.М.) «Поэзия Ордосу» көркөм адабий бирикмесинин 5 жылдыгына карата «Ыр түзүлүшүндөгү жаңы табылгалар» аталышындагы илимий-адабий кече өттү.
Илимий-адабий кечеге акын, жазуучулар союзунун мүчөсү, А. Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Д. Юсупов, А. Осмонов атындагы фонддун төрагасы-жазуучу Б. Мамытов, А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплекстинин директору Жумалиев Н., акындар Жамгырчиев Б., Касиетов Ж. жана көркөм адабий бирикмелердин акын-мүчөлөрү, студенттер жана ҮАББИ профессордук-окутуучук жааматы катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *