• Жаңылыктар

    Согуш ардагерлери бизде мейманда

    7-майда  үзгүлтүксүз жана аралыктан  билим берүү институту жана БГУнун лицейинин окутуучулары менен лицейисттери  Октябрь райондук администрациясынын аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери  менен жолугушу- реквием өткөрүштү. Жолугушуу-реквиемге райондук ардагерлер Кеңешинин төр агасы, КРдин эмгек сиңирген экономисти Мелис Ногойбаев, Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында аттанып, Ыраакы Чыгышка чейин согуштук узак жолду басып өткөн Умар Сооронкулов, тылдын каарманы, КРдин эл агартуусунун отличниги Садырбек Аманкулов жана согуш ардагери, 1956-жылы Венгриядагы согуштук  кагылыштардын катышуучусу Николай Сиротинцевдер катышып, башынан кечирген алаамат учурлар жөнүндө БГУнун окутуучулар жамаатына жана лицейдин окуучуларына кызыктуу маек куруп беришти. Жолугушуу борбор шаарыбыздын Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу аземи менен башталып, инстиутуттун жыйындар залында уланды. Согуш ардагерлери Улуу жеңиш…

    Comments Off on Согуш ардагерлери бизде мейманда
  • Жаңылыктар

    «Компетентүүлүктүн негизинде тест тапшырмаларынын иштелип чыгылышы» деген темадагы семинар – тренинг

         К.Карасаев атындагы БГУнун  УжДББ институтунун  ТТжПО кафедрасы тарабынан  2016-жылдын 21-апрелинде өткөрүлгөн «Компетентүүлүктүн негизинде тест тапшырмаларынын иштелип чыгылышы» деген темадагы семинар – тренинг                                                боюнча маалымат Учурдагы  илим менен техниканын өнүгүү шартында окутуунун жаңы ыкмалары пайда болуп, калыптанууда. Дистанттык билим берүүнүн негизги өзгөчөлүгү –  инсандын географиялык  орун алышынан, билим берүү субьектилеринин ортосундагы аралыктан көз каранды эместиги. Дистанттык билим берүүдө студенттердин билимин текшерүү ыкмасы катары тестирлөө эсептелинет. Тест – бул стандартташкан тапшырмалардын биримдиги. Тестирлөө студенттин билимин, көндүмдөрүн, жөндөмдөрүн, ошондой эле, психофизиологиялык, инсандык мүнөздөмөсүн текшерүүгө, өлчөп-ченөөгө мүмкүндүк берет. Тесттик тапшырмалардын максаты – тест тапшыруучудан жооп алуу, тактап айтканда, белгилүү бир илим тармагы боюнча тест тапшыруучунун билими, интелектуалдык жөндөмү,…

    Comments Off on «Компетентүүлүктүн негизинде тест тапшырмаларынын иштелип чыгылышы» деген темадагы семинар – тренинг
  • Жаңылыктар

    “Илимдин жаӊы кандидатына ак жол”

                     Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун гуманитардык билимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Исаева Анара Акылбековна жакында тарых                   илимдеринин доктору  Назира Курбанованын жетекчилиги астында «Кыргызстандагы шамандык-теӊирчилик салттардын тарыхый трансформациясы» деген темадагы кандидаттык                        диссертациясын ийгиликтүү жактады.  Жаш илимпоздун аталган эмгеги- кыргыз тарыхын иликтөө жаатында, өзгөчө кыргыз журтчулугу шамандык-теӊирчилик ишенимин тутунган учурундагы улуттук каада-алттарынын өнүгүшүн изилдеген алгачкы илимий табылгалардан болуп калмакчы. Институттун профессордук-окутуучулар курамы Анара Акылбековнаны ак дилинен куттукташып, мындан аркы илимий ишинде ийгиликтерди каалашат.

    Comments Off on “Илимдин жаӊы кандидатына ак жол”