Сырттан –дистанттык окутуу сектору

 

         Сырттан –дистанттык окутуу сектору (СДОС) К.Карасаев атындагы Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун  бирден-бир негизги бөлүмү болуп эсептелинип, окуу иштеринин бардык түрлөрүн жакшыртууга багытталган комплекстүү иш чараларды ишке ашырат.

         СДОС маалымат системасын колдонуунун натыйжасында окуу процессинин жүрүшүн ар тараптуу жана ыкчам көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Булар кафедра жана окутуучулар ишмердигине, ошондой эле, кадрлар бөлүмүнүн иштерине тиешелүү. Сектордун иши экзамендик ведомосторду, бегунокторду берүүгө, жетишүү-катышуу боюнча отчеттук формаларды берүүгө, академиялык маалымкаттарды берүүгө, группаларда сабактардын жүгүртмөсүн түзүүгө, ошондой эле, окуу пландарынын Мамлекеттик стандарт менен дал келүүсүнө, жумушчу программалардын деңгээлине, студенттердин жетишүү-катышууларына, окутуучулардын ишмердигине, окуу жүгүнө, окуу-методикалык иш кагаздарынын абалы боюнча көзөмөл жүргүзүүгө багытталган.

         СДОСтун негизги максаты болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

– Окутуунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган институттагы окуу процессин жакшыртуу;

-окуу процессин уюштурууда прогрессивдүү методдорду ишке киргизүүгө катышуу.

Жогоруда белгиленген максаттарга ылайык сектордун негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

  • Окуу процессин уюштурууну жакшыртуу, муну менен катар, окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуучу заманбап инновациялык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча иштерди координациялоо;
  • Окуу процессин уюштурууну жана көзөмөлдөөнү пландоо;
  • Сектордун милдеттерине ылайык кафедралардын иштерин координациялоо.