Компьютердик технологиялар бөлүмү

 

        

          Компьютердик технологиялар бөлүмү Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет. Компьютердик технологиялар бөлүмүнүн ишмердиги дистанттык билим берүүнүн маалымат-коммуникациялык технологиялар чөрөсүнө таандык жана Институттун кафедралары, ошондой эле, башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз байланышта турат.

Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун стратегиялык милдети катары төмөндөгүлөр эсептелинет:

  • Жаны маалымат технологияларын киргизүүнүн натыйжасында билим берүү жана илимий ишмердиктин жогорку сапатттык денгээлине жетүү;
  • Институттун маалыматташтыруу каражаттары менен жабдылыш денгээлин сандык жана сапаттык жактан жакшыртуу;
  • Студенттердин бардык маалыматтык билим берүү каражаттарын (окуу, методикалык, сурап-билүү, нормативдик, уюштуруучулук ж.б. маалыматтар) колдонуусун аралык мүмкүнчүлүктөр аркылуу ишке ашырууну камсыз кылуу

Бөлүмдүн негизги максат-милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

– окуу процессин компьютерлештирүү;

– студенттер менен окутуучулардын өз ара карым-катышын уюштурууга жөндөмдүү, маалыматтык инфраструктураны натыйжалуу колдоону камсыз кылуучу заманбап маалымат технологияларын жана телекоммуникация каражаттарын  колдонуунун негизинде Институттун бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү;

– дистанттык билим берүү технологияларын жана электрондук окутууну колдонуу менен окуу процессин  (күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формасы) маалыматтык-методикалык жактан колдоо.

         Учурда борбордун демилгеси менен Институттун бөлүмдөрүн бириктирген локалдык компьютердик тармак түзүлгөн. Институт жогорку ылдамдыктагы интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 2017-жылы кабелдик линия боюнча ылдамдык темпи  19 Мбит/с чейин жеткен. Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгү ар бир компьтерде жана ар бир компьютердик класста бар. Муну менен катар,  Институттун жана Интернеттин билим берүү ресурстарынан ноутбук,мобилдүү каражаттар  аркылуу акысыз Wi-Fi  7 Мбит/с кызматынан колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар (2017 -ж. апрель.  КRЕNО\КНОПУС).

         ҮжДББИда AVN маалыматтык-билим берүү системасы киргизилген. Ал студенттерди окутуунун сапатын принципиалдуу түрдө жаңы денгээлге көтөрүүгө жана дагы башка көптөгөн кызмат көрсөтүүгө негиз болот. Бул системада тармактык пикир алышуунун төмөндөгү түрлөрү колдонулат: жарыя тактасы, сурамжылоо,электрондук почта. Тармактык пикир алышуу окутуучулардан жана башка адистерден консультация,  кеп-кеңеш алууга мүмкүндүк берет.

Мониторинг жана билим берүү сапатын башкаруу. Электрондук балл коюу журналы колдонуучулар үчүн студенттердин дисциплиналар боюнча жетишүү деңгээлин көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк түзөт. Бул колдонмо ДО системасын колдонуучулардын бардыгына жеткиликтүү.

Төмөндө Ата Мекен тарыхы дисциплинасы боюнча Мамлекеттик атестациялоо учурундагы сүрөттөр берилди.