Китепкана

 

Китепкана БГУга  караштуу үзгүлтүксүз жана дистанттык  билим берүү институтунун, адабият жана окуу-тарбия процесси, илимий изилдөөлөр жөнүндө маалымат менен камсыз кылуучу алдыңкы түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

Китепкана өзүнүн ишинде БИМнин китепкана, маалымат, БГУнин буйруктары аркылуу маалыматташтыруу жөнүндө НПКАР ченемдик актыларын жетекчиликке алат.

Фонддорго болгон жеткиликтүүлүк тартиби, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жана аларды сунуш кылуу шарттарынын тизмеги китепкана тарабынан китепкана фондун колдонуу эрежелери менен аныкталат.

Жождун студенттерин, магистранттарын, аспиранттарын, докторанттарын, илимий кызматкерлерин, окутуучуларын жана окурмандардын башка категорияларын, маалыматтык суроо-талаптарга ылайык бардык фонддорго кеңири жеткиликтүүлүгүнүн негизинде толук жана ыкчам китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө.

Китепканалык фондду калыптандыруу жождун профилине жана окурмандардын маалыматтык керектөөлөрүнө ылайык аткарылат. Берилмелердин маалыматтык-библиографиялык базасын уюштуруу жана жүргүзүү.

Маалыматтык маданиятты тарбиялоо: маалыматтык фондду, китепкананы натыйжалуу колдонуу көндүмдөрүнө көндүрүү, берилмелердин базасы менен иштөө үчүн, анын ичинде автоматташтырылган шарттамда окурмандарды даярдоо.

Китепканалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыңылыктарын кеңейтүү, китепкананы техникалык жабдууунун негизинде алардын сапаттарын жогорулатуу, китепканалык-маалыматтык процесстерди компьютерлештирүү.

Окурмандардын адабиятка болгон керектөөсүн кыйла толугураак канааттандыруу үчүн, китепканалар, илимий-техникалык маалымат органдары жана башка мекемелер менен болгон ишти, координациялоо жана кооперациялоо.

Багыттар боюнча электрондук базаны түзүү.

Материалды басмалык да, электрондук да формада издөөнүн мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылуу.

Китепканада жана окуу-методикалык кабинетте бирдиктүү окурмандык билет боюнча окурмандарды жиктелген тейлөөнү, жекече жана топтук тейлөө усулдарын колдонуп уюштурат.

Окурмандарды негизги китепканалык кызмат көрсөтүүлөр менен акысыз камсыз кылат.

Каталогдор, картотекалар жана электрондук китепкана тутуму аркылуу китепканалык фонддун курамы жөнүндөгү толук маалыматты берет.

Басмалык чыгарылыштарды жана башка документтерди издөөдө жана тандоодо консультациялык жардам көрсөтөт.

Китепканалык фонддон басма чыгармаларды жана башка документтерди убактылуу пайдаланууга берет.

Жождун илимий жана окутуу ишине жардам катары библиографиялык көрсөткүчтөрдү, адабияттардын тизмесин түзөт.

Жождун студенттеринин, магистранттарынын, жетекчиликтин, профессордук-окутуучулук курамдын, илимий кызматкерлердин, аспиранттардын маалыматтык керектөөлөрүн аныктайт, изилдейт жана дайыма тактап турат.

Маалыматты издөө көндүмдөрүнө жана аны окуу процессинде жана илимий иште колдонууга үйрөтөт.

Фонддун комплекттөөсүн билим берүү-кесипкөйлүүлүк программаларына, окуу пландары жана БГУнин башкы китепканасы менен айкалышта илимий изилдөөлөрдүн тематикасына ылайык камсыз кылат. Окуу, илимий, мезгилдүү, маалыматтык, көркөм адабиятты жана басманын башка түрлөрүнө ээ болот. Окурмандардын маалыматтык керектөөлөрүн эске алуу менен фонддорду комплекттөө пландарын тууралоо максатында, окурмандардын суроо-талаптарын канааттандыруу даражасын изилдейт.

Кафедралар, илимий коомдор, жождун коомдук уюмдары менен иштөөнү координациялайт.