ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ жана ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР КАФЕДРАСЫ

Кафедра башчысы, КРдин Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илидеринин доктору, профессор Суусар Искендерова

 К.Карасаев атындагы БМУнун «Педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар» кафедрасы 2017-жылдын 2-октябрында №121 буйрктун негизинде Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2017-жылдын 29-сентябрындагы №2 протоколуна ылайык мурда иштеп келген «Гуманитардык дисциплиналар» кафедрасынын базасында ачылган.

Кафедра студенттерди контракттык, үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу (5 жыл) аркылуу төмөнкү багыттар боюнча даярдайт:

  • 550700 “Педагогика”
  • профили: мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
  • профили: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы.

 

  • 550300 «Филологиялык билим берүү»
  • профили: Кыргыз тили жана адабияты.

Педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасынын билим берүү миссиясы: “Студенттерге педагогика, кыргыз тили жана адабияты багыттары боюнча компетенттүүлүккө негизделген мамиленин талаптарына ылайык жалпы билим берүү даярдыгын камсыздайт”. Миссиянын негизинде:

  • Университеттин шартында студенттердин кесиптик өзүн өзү аныктоосунун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин түзөт;
  • Студенттерде келечектеги кесиптик ишмердүүлүктүн жогорку маанилерин, гуманизм жана патриотизм баалуулуктарын, ошондой эле алардын кесиптик ишмердигинин мотивдерин жана максаттарын жалпы адамзаттык маданияттын баалуулуктары менен байланыштырууга мүмкүндүк берген баалуулук багыттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Кафедрада окутуунун төмөнкү инновациялык ыкмалары колдонулат: презентация, конференция, тестирлөө, компьютерде тесттик тапшырмалардын программасы түзүлгөн. Ошондой эле кейстер, слайддар, окуу семинарлары иштелип чыккан.

Билим сапатын жогорулатуу үчүн окутуучулар окуучулардын иш программасындагы тапшырмаларга ылайык өз алдынча иштөөсүнө чоң көңүл бурушат.

Кафедранын иши эл аралык билим берүү стандарттарына ылайык келип,  өнүктүрүү концепциясы алдыңкы ЖОЖдордун деңгээлинде окуу-тарбия процессинин сапатын камсыз кылууга багытталган.

Кафедра боюнча жалпы маалымат

Адистик курам

Сабактар

Илимий иштер

Практикалар

Биздин бүтүрүүчүлөр