Жаңылыктар

«Түрк элдеринин тили, адабияты жана педагогикалык билим берүүнүн теориялык жана методологиялык маселелери»

2023 жылдын 18 майында БМУнун профессору, филолгия илимдерини доктору, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси, таланттуу педагог жана илимпоз Искендерова Суусар Искендеровнанын 70 жылдык юбилейине, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Түрк элдеринин тили, адабияты жана педагогикалык билим берүүнүн теориялык жана методологиялык  маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Суусар Искендеровна 1974-жылы Ош мамлекеттик пединститутун артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы мектебинде беш жыл иштегенден кийин өзү окуп бүткөн Пединститутка кайра барып, беш жыл эмгектенип, кийин борбор калаага келип, Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз адабияты кафедрасында күндүзгү бөлүмдө аспирантурада окуйт. 1987-жылы кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп, коргоого сунуш кылынат. 1988-жылы “Н.Байтемировдун көркөм прозасындагы каармандын духовный-нравалык жактан калыптанышы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доценттикке чейин жеткен. 1994-жылдан бери окуу жайда үзүрлүү эмгектенүүдө. Алгачкы беш жылда  кыргыз адабияты кафедрасын жетектесе, гуманитардык билимдер кафедрасын он жыл бою алдыңкы кафедра катары кармап келет.

Элибиз: “Эр эмгегин – жер жебейт”, “Мээнет – дөөлөткө жеткирет”, – дегендей Суусар Искендерованын өлкөбүздүн алдындагы ак ниет эмгеги калыс жана татыктуу бааланып, ал КРдин Ардак грамотасы, Билим берүү жана илим министрлигинин, Борбоордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамоталарына, Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси, БМУнун К.Карасаев атындагы алтын медалы ж.б. көптөгөн тармактык жана ведомстволук грамоталар, дипломдор, ыраазычылык каттар ж.б. менен сыйланып, “Насаатчы-мугалим” наамына эгедер болгон.

Суусар Искендеровнанын кыргыз адабияттаануу илиминде мыкты илимпоз катары өз орду бар. Ал илимде чарчабас дыйкан катары эмгектенип, жүздөн ашык илимий макалаларды, ондон ашык монография, окуу-методикалык китептерди жазды. Бир канча окуу куралдарды даярдады.  Бул эмгектери окуу жайдын студенттерине сапаттуу билим берүүдө, жаш илимпоздорду даярдоодо чоң табылга болуп келет.

Кутуктоолор:

  • КРнын Президентиинин Кенешчиси – Бөрүбашев Б.И.,
  • КРнын Жогорку Кенешинин депутаты – Талиева К.А.,
  • КРнын Билим берүү жана илим министири – Иманалиев К.И.,
  • КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы – Осмоналиев К.О.
  • Кыргыз УАИнын Ч.Айтматов атындагы тил жана тил жана адабият институтунун директору, академик – Акматалиев А.А.

Пленардык баяндамада:

Абакиров К.А. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессоруф.и.д., “Илимдеги ийгиликтерлин үзүрү”.

Асакеева Д.Ж. – К.Карасаев атындагы БМУнун доценти, ф.и.д “Илимге өтөгөн ак кызмат”

Секциялык иштер:

  1. Түрк элдеринин тили жана азыркы учур
  2. Түрк элдеринин адабиятынын актуалдуу маселери
  3. Педагогикалык билим берүү жана анын көйгөйлөрү
  4. Улуттук экономиканын социалдык – экономикалык жана финансылык өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *