Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “Кыргыз адабиятынын патриархы-доор инсаны” аттуу тегерек стол

      2022-жылдын 11-майында К. Карасаев атындагы БМУнун Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун жыйындар залында Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү.

      Тегерек столго К.Карасаев атындагы БМУнун Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун, Экология жана менеджмент, Социалдык-психологиялык факультеттеринин окутуучулар курамы, студенттери катышты.

      Тегерек столго мейман катары төмөндөгү коноктор чакырылган:

  1. Сыдыкбеков Сабырбек – Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу
  2. Жакшылыков Асан Жакшылыкович – Кыргыз Эл акыны
  3. Мамазаирова Менди – Кыргыз Эл акыны
  4. Култаева Үмүт Култаевна – профессор, филология илимдерининөдоктору
  5. Садыкова Сымбат Садыковна – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору
  6. Абакиров Курманбек Абакирович – Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.д.
  7. Медералиев Жумабек Медералиевич.- КР ЖКнын мамлекеттик тил жана котормо бөлүмүнүн башчысы
  8. Ибраимов Алихан- Т.Сыдыкбековдун мурастарын жайылтуучу
  1. Мамбетов М.С. – “Түп ынтымагы” коомунун төр агасы
  2. Ботоканова Гүлнара Топчиевна – БМУнун философия кафедрасынын бащчысы, профессор,
  3. Акматова Роза Акматовна – БМУнун китепкана башчысы

      Ошондой эле жолугушууну музыкалык коштоо максатында бир катар өнөр адамдары да чакырылган  Алар төмөнкүлөр:

  • Манасчы Төлөбек Муса уулу
  • Төкмө акын Акматбек Султан уулу

– Асыранова Ратбүбү- фольклор ырчысы,

– Деркембаев Арзыбек- эстрада ырчысы.

     Бишкек мамлекеттик университетинин “Түгөлбай Сыдыкбеков – кыргыз дүйнөсү жана доор чакырыктары” илимий форумунун алкагындагы түзүлгөн программанын алкагында тегерек столго алдын ала архивдик маалыматтарды, сүрөттөрдү камтыган сүрөт жана китеп көргөзмөсү даярдалып, көргөзмө тегерек столдун катышуучуларынын кызыгуусуна арзыды.

     Тегерек столду КМУнун профессору Тилектеш Ишемкулов алып барды.       

     Меймандар менен тааныштыргандан кийин “Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” аттуу залкардын өмүр жолуна байланышкан, замандаштардын эскерүүлөрү, өзүнүн архивдик сөздөрү жана институт жамааты көрүстүндөгү эстелигин тазалаган, гүл койгон эскерүү кечеси камтылган 7 минуталык видео тасмалар көрсөтүлдү.

      К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүтүксүз жана аралыктан Билим берүү институтунун директору М.Д.Чогулдуров сөз сүйлөп, БМУнун ректору, профессор А.И.Мусаевдин куттуктоосун окуп берди. Төкмө акын Акматбек Султан уулу  залкар жазуучу, анын асыл эмгеги туурасында кенири ырга кошту.

      Ибраимов Алихан – “Кыргыз адабиятынын партиархы- доор инсаны” деген темада кеңири баяндама жасап, 110 жылдыктын алкагында Өкмөттүк комиссия тарабынан жасала турган иштери тууралуу айтып өттү.

    Жакшылыков Асан Жакшылыкович-  Т.Сыдыкбековдун турмушундагы урунттуу учурларга токтолуп, анын роман ангемелериндеги табылгалар, жазуучунун чыгарма жаратуудагы өзгөчөлүктүрүнө, психологизмине токтолду.

     Култаева Үмүт Култаевна – “Т.Сыдыкбеков – кыргыз тарыхый роман жазуучуларынын башатында” деген темада баяндама жасап, өзгөчө “Көк асаба” романындагы мамлекеттүүлүк, нарк насил, жашоо эрежелерин психо-философиялык ой туюму менен чагылдырган, көтөргөн маселелерине кенири токтолду.

     Абакиров Курманбек Абакирович –  Т. Сыдыкбековдун балдар темасына кандайча кайрылып калгандыгы, анын орус жана коншулаш адабият коомчулугу кандай кабыл алгандыгына кенири токтолуп жана кыргыз балдар адабиятындагы жападан жалгыз роман жазган калемгер катары оюн билдирди.

       Акын Менди  Мамазаирова акындын замандашы катары залкар менен кезигишкен учурлардагы алган таасирлери, жазуучу катары өзгөчөлүктөрүнө токтолду.   

      Манасчы Төлөбек Муса уулунун айтуусунда Манас эпосунан үзүндүсү, салттуу ырларды мыкты аткарган Асыранова Ратбүбүнүн патриоттук ырлары да тегерек столдун катышуучуларын кайдыгер калтырган жок.

     Жыйынтыгында Т.Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков ыраазычылыгын билдирүү менен атасынын өмүрү, чыгармачылыгындагы урунттуу учурлар туурасында айтып берди.

    Кеченин сонунда келген меймандарга сый тамагы тартууланды.

БМУ ҮАББИ

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *