• Жаңылыктар

    “Устат менен кездешүү”

    Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген журналисти белгилүү устат Стамбек Усупов кырк жылдан ашуун Кыргызстандын ар түрдүү басма органдарында журналисттик жана дээрлик жыйырма беш жылга жакын жогорку окуу жайларында студенттерди- болочок журналисттерди тарбиялоо боюнча милдеттерди абдан жигердүүлүк менен аркалап келди. Учурда ардактуу эс алууда жүрсө дагы колунан калеми түшпөй, жаш журналисттер, студенттер үчүн «Керектүү жана кереметтүү кесип» деген дагы бир китебин окурмандарга тартуулаган эле. Устат агайын тереӊ урматташкан гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучулары, сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери менен бирдикте Стамбек Усуповду тегерек столго чакырышып, жаӊы китебинин бет ачарын өткөрүштү. Бул китепте автор ошол мезгилдердеги калемгерлик жана окутуучулук иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошондой эле бүгүнкү жана келечектеги кесиптештерине кеп кеӊештерин кенен-чонон окурмандарынын алдына тартуулаган.Тегерек…

    Comments Off on “Устат менен кездешүү”
  • Жаңылыктар

    “Электрондук китепкана эшигин ачты”

    Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун  илимий китепканасы жана окуу залы  капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Көчүрүүчү жана сканерлөө үчүн орг техникалар, заманбап үлгүдөгү компьютерлер сатылып берилди. Китепканага 2014-15- окуу жылында окуу жайда окутулуп жаткан адистиктер боюнча  3387 окуу китептери алынды. Китепкананын кызматкерлери учурда электрондук китепкана түзүүнүн үстүндө жемиштүү иштеп жатышат. Экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы, менеджмент, мамлекеттик муниципалдык башкаруу, тилдерди окутуунун теориясы жана практикасы, гуманитардык билимдер боюнча 43төн ашык электрондук китептер окурмандарын күтүүдө. Сиздерди кызыктырган суроолор болсо төмөндөгү электрондук почталарга кат жөнөтүп байланышка чыксаӊыздар болот: vatashi 13@mail.ru. , toktobakieva @mail.ru

    Comments Off on “Электрондук китепкана эшигин ачты”
  • Жаңылыктар

    «Тилдерди дистанттык окутуунун жаны ыкмалары» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.

     Дистанттык билим берүүнүн башаты БГУнун алдындагы Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун ачылганына үстүбүздөгү жылы он беш жыл толду. Бул жылдардын ичинде институттун жамааты үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Институтубузда өлкөбүздүн ар кайсы областтарынан, райондорунан келген сырттан окуган студенттер билим алышат. Жылдын башталышы менен он беш жылдыкка карата ар кандай иш чаралар жүргүзүлө баштады. Айтмакчы, дүйнө жүзүндөгү элдер 21-февраль күнү Эл аралык эне тили майрамын белгилешет. Институтубуздун 15 жылдыгына жана эне тили майрамына арнап, окуу жайыбызда «Тилдерди дистанттык окутуунун жаны ыкмалары» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү. Жыйырманчы кылымдын аягында башталган компьютердин кызматы азыр жыйырма биринчи кылымдын башында кеңири кулач жайып, ар тараптан өнүгүп, информациялардын булагы болуп гүлдөп турган учуру. Өлкөбүздүн ар кайсы булу-бурчунан келген студенттер…

    Comments Off on «Тилдерди дистанттык окутуунун жаны ыкмалары» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.