Жаңылыктар

Нарктуу таалим-тарбия, үй-бүлө жана сапаттуу билим – инсанды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негиздери

2021-жылдын 20-майында Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик Университетинде  “Нарктуу таалим-тарбия, үй-бүлө жана сапаттуу билим – инсанды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негиздери” аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

       Конференцияга БМУ Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун, экология жана менеджмент, социалдык психология факультеттеринин окутуучулары жана студенттери катышты. Конференцияда мейман катары катышкан коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун “Адеп державасы” аттуу доклады өзочө кызыктуу болуп, берилген суроолорго жооптор алынды.

        Конференцияда окуу жайдын окумуштуу-окутуучулары Президентибиздин “Инсандын руханий, адеп–ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”  жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан “2021-2030-жылдарга чейин окуучу жаштарды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо боюнча Концепциясынын алкагында даярдалган “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү Концепциянын зарылдыгы”, “Саясат, бийлик жана адеп-ахлактуулук: Чыгыш ойчулдарынын көз караштарында”, Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанындагы жаштарга адеп-ахлактык жактан тарбия берүү маселесинин чагылдырылышы”, “Улуттук элитанын нравалык калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү  Кыргызстандын тарыхый инсандарынын ролу” жана “Кыргызстан жаштарынын салттуу жана заманбап баалуулуктары: карама-каршылыктар, алдыдагы максаттар” жана башка темалардагы докладдарды жасашты.

           Баяндамаларда Концепцияда белгиленген инсанды руханий-нравалык, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан өнүктүрүүдө кандай принциптерге таянуу менен аракеттер көрүлө тургандыгы кенири чагылдырылып, конференциянын катышуучуларынын кызыгуусун туудурду.

        Ошондой эле студенттер да Концепцияны талкуулоого активдүү катышып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

       Конференциянын катышуучулары бир катар талкуулардан кийин көтөрүлгөн маселе боюнча резолюция кабыл алышты.  

Рисунок 1 

Рисунок 2

Рисунок 3

 

Comments Off on Нарктуу таалим-тарбия, үй-бүлө жана сапаттуу билим – инсанды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негиздери