Институт жөнүндө

         Учурдагы экономикалык абал көпчүлүгүбүздү ойго салып, келечек жөнүндө терен ойлонууга мажбур кылат. 21-кылым – маалымат технологиялары ыкчам өнүгүп жаткан кылым. Ал өзү менен бирге олуттуу экономикалык өзгөрүүлөрдү алып келди. Базар экономикасынын өзгөрүшү, өлкөнүн экономикалык турмушундагы аймактардын ролунун жогорулашы экономиканын ар кайсы тармактарынын, алсак, финансы, башкаруу, маалымат технологиялары ж.б.  тармактардын маанисинин жогорулашын айгинелеп турат.

Эгерде кечеки окуучулар үчүн турмуштун чоң жолуна биринчи кадам таштоо жана өз алдынча жашоону тандоодо кайсы жол менен кетүүнү тандоо турса, көпчүлүк тажрыйбалуу адистер өздөрүнүн кесиптик жолун баштан аяк кайра карап чыгууга жана өзгөртүүгө бел байлап, заман талабына ылайык, учурдагы базар экономикасынын талаптарына жооп бере турган,  дээрлик келечектүү жаны багыттагы кесиптерди өздөштүрүүгө багыт алышты.

Жалпыга белгилүү болгондой, адамдын жашоодогу ийгилигинин ачкычы – бул анын билим денгээли. Ошондуктан, жожду тандоо да чечүүчү маселе болуп эсептелет. Жогорку билим  актуалдуу болуп, мезгил  талабына жооп бериши керек. Ошондуктан биз өзүбүздүн студенттерге дүйнөлүк билим берүү системаларынын эң жогорку салттарына туура келүүчү академиялык программадагы сапаттуу билим алууну сунуштайбыз.

Биз заманбап маалымат жана компьютердик технологияларды колдонуу менен окутуу процессин жакшыртып, максималдуу түрдө ынгайлуу, жеткиликтүү жана сапатуу кылууга аракет кылабыз.

Биздин ЖОЖ иш менен окууну айкалыштырууга багытталган.

Натыйжалуу билим берүү үчүн биз аралыктан окутуу технологияларын кенири колдонобуз, анткени  окуу менен ишти айкалыштырууга багытталган биздин аудитория үчүн бул абдан ынгайлуу. Биздин институттун дагы бир өзгөчөлүгү – бул сабак өтүү ыкмалары, тактап айтканда, окутууда прикладдык программалык каражаттарды колдонууга басым жасоо.  Натыйжада  бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере ала турган  кесипкой адис боло алышат. Студенттердин кызыкчылыгын көздөө – биздин жождун негизги принциби.

Институтту түзүү таржымалы

Үзгүлтүксүз билим берүү институту 1999-жылдын 21-январында БГУнун Окумуштуулар Кенешинин чечими жана БГУнун ректорунун буйругу менен түзүлгөн.

            Үзгүлтүксүз билим берүү институту 2012-жылы Үзгүлтүксүз жана аралыктан  билим берүү институту болуп кайра түзүлгөн жана БГУнун курамындагы көлөмдүү түзүмдүк бөлүм болуп эсептелет.

            Институттун миссиясы – жалпыга жеткиликтүү, сапаттуу жана учурдагы билим берүү чөйрөсүндөгү  атаандаштыкка туруштук бере ала турган, жаны инновациялык билим берүү технологияларына, окутуу, тарбия, илимий жана коомдук ишмердик процессинин интеграциясына негизделген үзгүлтүксүз аралыктан билим берүүнү камсыз кылуу.

Институттун негизги максаты – эмгек рыногунда талап кылынган жана аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институту – мамлекеттик аккредитацияны өткөн мамлекеттик билим берүү мекемеси. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунда адистерди даярдоо 4 кафедрада («Менеджмент жана социалдык-маалымат технологиялары», «Тилдер жана коомдук илимдер», «Экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп», «Педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар») ишке ашырылат.

Компьютердик технологияларды иш жүргүзүүнүн бардык жактарында колдонуу башкаруу системасын, муну менен бирге билим берүү процессин жана окуу жайдын жалпы ишмердигин түп-тамырынан бери кайра курууга алып келди. Жаны маалымат технологиялары К.Карасаев атындагы БМУнун Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун ишмердигинин бардык тармактарында кенири колдонулууда.

Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунда 35 компьютерди камтыган 3 компьютердик класс бар. Студенттерге сабак өтүү  жана ПОК үчүн квалификацияны жогорулатуучу курстарды өтүү кабинети сабактын бардык түрлөрүн өтүүгө ынгайлуу жана маалымат жеткирүүнүн заманбап мүмкүнчүлүктөрүнө ээ мультимедиялык телевизор менен жабдылган.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институту төмөндөгү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт:

 «Китепкана таануу жана документтаануу»”

«Мамалеттик жана муниципалдык башкаруу»

“Менеджмент”

“Педагогика”

  • профили: мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
  • профили: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы.

“Туризм”

 «Филологиялык билим берүү багыты»

  • профили: Орус тили жана адабияты
  • профили: Кыргыз тили жана адабияты

“Экономика”багыты боюнча

– “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” профили

– “Салыктар жана салык салуу” профили

– “Финансы жана кредит” профили

– “Экономика жана ишкананы башкаруу” профили

 Институт жогорку ылдамдыктагы Интернет желесине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Тактап айтканда, 40 Мбит/с чейин жетет. Интеренет желесине бардык компьютер аркылуу, бардык компьютердик класстан кирүүгө болот. Институттун ичинде ноутбук жана мобилдик каражаттар аркылуу институттун билим берүү ресурстарына зымсыз Wi-Fi 15 Мбит/с ылдамдыгы менен кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

 Директордун кабылдамасы: +996 (312) 530296

Кыргыз  Республикасы, .Бишкек шаары

Карасаева к.10.

2-корпус, 2-этаж, 219 – кабинет