ДББТ колдонуу менен сырттан окуу формасында окуу процессин уюштуруу боюнча ЖОБО

 

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун Окумуштуулар кенешинин отурумунда каралган.

 

Протокол №6                                                  1.07.  2015г.

                                                                           «Бекитемин»

                                                                            БГУнун ректору

Окумуштуу катчы

 

  1. Жалпы жоболор жана аныктамалар

 Дистанттык окутуу  технология катары максаттуу жана методикалык жактан уюшулган окуу таанып-билүү ишмердигин жетектейт. Студенттер билим берүү борборунан алыс аралыкта болуп, электрондук жана салттуу байланыш каражаттары аркылуу билим алышат.

Дистанттык окутуунун мүнөздүү өзгүчүлүгү болуп, окуу процессин уюштуруучу каражаттардын, усулдардын жана технологиялардын жардамы менен окутуучу жана студенттин пикир алышуусун максималдуу түрдө нормативдик бекитилген милдеттүү сабактар аркылуу ишке ашырылуусу эсептелет.

Ошентип, дистанттык билим берүү педагогикалык пикир алышуунун технологиясы боюнча сырттан окуу формасынын технологияларына дал келет, ал эми окуу процессинин жыштыгы жана интенсивдүүлүгү боюнча күндүзгү окуу формасынын технологияларына дал келет.

 

 

  • К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин курамындагы Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институту (мындан ары ҮжДББИ)  Кыргыз Республикасынын жогорку профессионалдык билим берүүчү мекемеси болуп эсептелинип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде билим берүү программаларын ишке ашырат.

 

  • Бул Жобо жогорку профессионалдык билим берүү боюнча негизги билим берүү программаларын ишке ашырууда ҮжДББИнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердигин жөнгө салат, ошондой эле, дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен кошумча билим берүү программаларын ишке ашырат, ошондой эле, К.Карасаев атындагы БГУнун ҮжДББИнда сырттан окуу формасындагы окуу процессинде дистанттык билим берүү технологияларын ишке ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.

 

1.3.   Бул Жобо төмөндөгү иш кагаздарынын талаптарына жана сунуштарына ылайык иштелип чыккан:

  • 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 «Билим берүү жөнүндө» деген Кыргыз Республикасынын мыйзамы (өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен 18.07.2014-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын жогорку профессионалдык билим берүү мекемелери жөнүндөгү жобо (өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен 19.04.2013-ж.);

 

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы №354 «Дистанттык билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» деген токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2009-жылдын 6-августундагы №824\1 «Кыргыз Республикасынын жождорунда окутуунун кредит технологияларын

колдонуу боюнча нормативдик иш кагаздарын бекитүү жөнүндө» деген бйругу;

  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин иш жүзүндөгү иш кагаздары
  • К.Карасаев атындагы БГУнун Уставы

 

 

  1. Дистанттык окутууну уюштуруунун максаттары, милдеттери жана принциптери

 

2.1.ҮжДББИда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуунун негизги максаты төмөндөгүлөр:

  • Билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн билим алуучулардын өздөрүнүн жеке графиктерин жана темпин калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылуу;

 

  • окутуунун жаны технологияларын киргизүү менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
  • ҮжДББИнун бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин дүйнөлүк коомдоштугун түзүүгө катышуусу;
  • Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин түрдүү категориядагы элдерине сапаттуу билим берүү кызматын көрсөтүү;

 

  • территориялык чек арага карабастан, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен билим алуучулардын контингентин көбөйтүү;
  • билим алуучуларга дистанттык билим берүү технологияларын жана билим алмашуу кызматын колдонуу менен алардын жашаган жерине карабастан, иштеген ишине тоскоол болбой тургандай маалымат каражаттарын колдонууга алыстан мүмкүндүк алуу менен максималдуу түрдөгү ынгайлуу билим берүү кызматын көрсөтүү;

 

 

2.2.ДББТын колдонуу менен билим берүү процессин уюштуруунун негизги милдеттери:

  • ДББТын колдонуу менен окутуу системасын жүргүзүүгө жана аны педагогикалык жактан коштоого шарт түзүү;

 

 

  • Окуу процессинде дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу үчүн Институттун сайтын ишке киргизүү жана аны башкаруу
  • (http ://indo.kg);
  • Окуу процессинде ДББТын колдонгон окутуучуларды окутуу жана системалуу түрдө квалификациясын жогорулатуу;

 

 

Жободо төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:

 

Дистанттык билим берүү технологиялары (ДББТ) – бул негизинен маалымат-телекоммуникация тармагын колдонуу менен, ошондой эле,  студент менен окутуучунун аралыктан өз ара байланышуусу аркылуу ишке ашырылуучу  билим берүү технологиялары

 

Дистанттык билим  берүүнүн (ДББ) маалымат технологиялары – бул окуу материалдарын түзүү, жөнөтүү, сактоо жана чагылдыруу технологиясы, ошондой эле, окуу процессин уюштурууну дистанттык билим берүү технологияларынын коштоосу менен ишке ашыруу.

Дистанттык окутуу порталы (окуу маалыматтык-билим берүү порталы) – бул  окуу-методикалык материалдар жайгашкан интернет порталы

 

Дистанттык окутуу системасы (ДОС) – бул дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программаларынын системасы

 

ДББТын колдонуу менен окутуунун методикалык каражаттары –бул окутуунун  окуу методикалык материалдары  жана ыкмалары, окуу ишмердигин окутуучу менен интерактивдүү пикир алышуу шартында   уюштуруу формасы.

 

Дистанттык окутуунун негизги өзгөчөлүгү болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

 

  • интерактивдүүлүк принциби атайын маалыматтык-билим берүүчү чөрөнүн (жана дагы формулалар, электрондук почта, Интернет-конференциялар, on-line сабактар) жардамы менен окуу процессинин бардык катышуучуларынын ар дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн билдирет;

 

  • ынгайлашуучулук принциби конкреттүү билим берүү шартындагы санариптик билим берүү каражаттарын камтыган жаны муундагы окуу материалдарын женил колдонууга мүмкүндүк берип, дистанттык билим берүү технологияларын жана окутуунун тармактык каражаттарын колдонуу менен сабак өтүүнүн ар түрдүү дидактикалык моделдерин( интерактивдүү тесттер, аралыктан лабораториялык практикумдар айкалыштырууга өбөлгө түзөт.

 

  • ийкемдүүлүк жана жеткиликтүүлүк принциби окуу процессинин катышуучуларына ынгайлуу мезгилде жана ынгайлуу тепте иштөөгө мүмкүндүк берет;

 

  • модулдуулук принциби студентке жана окутуучуга индивидуалдык окуу пландарын аткаруу үчүн тармактык окуу курстарын (же окуу курстарынын өзүнчө бөлүктөрүн) пайдаланууга мүмкүндүк берет;  ДОнун программасынын негизинде модулдук принцип колдонулат. Ар бир өзүнчө болүм (модуль) белгилүү бир билим тармагы боюнча бүтүндөй түшүнүктү камтыйт жана   арадагы текшерүүнү натыйжалуу өткөрүүгө мүмкүндүк берет;

 

  • окутуучунун ролу: окутуучуга төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:курсту координациялоо, консультация берүү, курстук жана квалификациялык долбоорлорду жетектөө. Ал окутулуп жаткан дисциплина боюнча окуу-методикалык комплекстерди ( окуу-практикалык куралдары, электрондук окуу куралдары, электрондук лекциялар,аудио жана көрмө материалдары)туура жананатыйжалууколдонууну камсыз кылат, ошондой эле, агымдагы аттестациялоону (аралык тестирлөө, модулдар, текшерүү иштери ж.б.) ишке ашырат.

 

  1. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу системасын киргизүүнү , колдонууну жана онүктүрүүнү кызматкерлер менен камсыз кылуу

3.1. ДББТын колдонуу менен жүргүзүлгөн билим берүү процесси төмөндөгүдөй ишке ашырылат:

– AVN маалыматтык- билим берүү чөйрөсүндө иштөөгө атайын даярдыгы бар профессордук- окутуучулук курамы тарабынан жана алар тарабынан киргизилген окуу материалдары студенттердин жайгашкан ордуна карабастан аралыктан өз ара аракетенишүү аркылуу ишке ашырылат;

– окуу процессин окуу-методикалык жана уюштуруучу-техникалык жактан камсыздоону ишке ашыруучу  административдик-башкаруучу жана окуу –тарбиялоочу персонал аркылуу

 

3.2. ДББТ ын колдонуу менен окутуу системасында иштеген ПОК жогорку профессионалдык билимге жана белгиленген үлгүдөгү квалификациясын жогорулатуучу курсун өздөштүргөндүгү жөнүндөгү иш кагазына (72 сааттан кем эмес өлчөмдө) ээ болушу керек же ДББТларынын ар кандай 5 түрүн колдонуу үчүн атайын окуу методдору боюнча профессионалдык кайра даярдоодон өтүүсү зарыл. ПОКдын квалификациясын жогорулатуу эки жылда бир жолу милдеттүү түрдө ишке ашырылышы керек.

 

  • ДББТын колдонууменен билим берүү процессин ишке ашыруучу окутуучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

 

– Бири-биринен (студент жана студент; окутуучу жана студент) аралыкта жайгашкан тараптар менен иш алып барууда атайын билимдерге жана жөндөмдөргө ээ болушу керек. Алсак, билим сапатынын, текшерүүнүн,  рецензиялоонун, текшерүү иштерин жазууну жетектөөнүн мониторингин уюштурууга.

–  жеке окуу консультацияларын, ошондой эле, Интернет консультацияларын жүргүзүүнүн усулдарын жана ыкмаларын билүүгө;

-компьютердик,  маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар менен иштөөнү билүү, эн негизгиси электрондук маалымат тармактарында иштөө усулдарын билүүгө;

– окуу процессинде колдонулган технологияларды  жана педагогикалык усулдарды билүүгө.

 

2.3.Университет айрым гана учурларда ДББТ колдонуу системасында иштөөгө ПОК мүчөлөрүнө атайын иш кагазысыз уруксат берет жана  бир жылдын ичинде ПОК мүчөлөрүнүн талапка жооп берүүчү курстардан квалификациясын жогорулатуусун талап кылат.Мындан тышкары  окуутучулар 3.2 параграфында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек.

 

  1. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу системасын техникалык, программалык жана маалыматтык жактан камсыздандыруу

4.1. Техникалык камсыздандыруу өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:

– Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу системасын  программалык маалыматтык камсыздоону ишке ашыруучу сервер менен жабдуу

ДББТ колдонуу менен окутууда программалык жана маалыматтык камсыздоо системасын эксплуатациялоого, өнүктүрүүгө жана сактоого  зарыл болгон эсептөөчү техникалык каражаттар жана башка жабдуулар

– Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен локалдык тармактарга жана Интернет системасына кирүүгө мүмкүндүк түзүүчү  программалык  маалыматтык  камсыздандыруучу коммуникативдик жабдуулар.

 

4.2. Программалык камсыздоо өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

– автоматташтырылган оку чөрөсү, алсак, AVN маалымат системасы болгон   «Билим берүү порталы», ал төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:окуу-методикалык ресурстарын сактоону, жанылоону жана системалаштырууну;

  дистанттык технологияларды колдонуу менен окуу процессин ующ\штуруучулук жана маалыматтык колдоону;

  ДББТ колдонуу менен окутуу системасынын катышуучуларынын карым-катышын;окуу процессинин жүрүшүнүн мониторингин

 

Интернет аркылуу ДББТ колдонуу менен  окутуу системасындагы сервердин иштешин жана байланышты жөнгө салуучу сервердик программалык камсыздоо;

Интернет тармактарынын каражаттары аркылуу вебинарларды, ошондой эле,  окутуучу менен студенттин дагы башка байланышуусуна  мүмкүндүк түзүүчү программалык камсыздоо.

 

2.3.Маалыматтык камсыздоо өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:

 

– ДББТ колдонууменен окуу системасы аркылуу жеткиликтүү болгон ЭОМК;

– Интернет тармагында эркин пайдаланууга мүмкүн болгон электрондук ресурстар.

 

 

2.3.Дистанттык окутуу процессин камсыздоо үчүн салттуу маалыматтык каражаттар менен катар дагы төмөндөгүлөр колдонулат:

– мультимедиялык коштоодогу адистештирилген окуу китептери;

  • көрмө лекциялар

 

  • Электрондук окуу-методикалык комплекстери төмөндөгүлөрдү камтыйт:

– электрондук окуу китептери

– окуу куралдары

-тренигдик компьютердик программалар

-компьютердик лабораториялык практикумдар

– текшерүүчү-тесттик топтомдор

– окуу көрмө фильмдери

-аудио жазылмалар

– байланыштын телекоммуникациялык жолдору аркылуу берилүүчү башка материалдар.

 

Окуу процессинде негизги маалыматтык ресурс катары дистанттык окутуунун методикалык жактан иштелип чыккан марериалдарынын  маалыматтык базасы колдонулат. Ал учурдун талаптарын камсыз кылат жана өзүнүн көлөмү, мазмуну боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берет.

 

2.3.Дистанттык окутуунун контентинин материалдык базасы лекция материалдарын, тесттик тапшырмаларды, электрондук окуу куралдарын, методикалык материалдарды, көрмө лекцияларды ж.б. камтыйт.

2.3Электрондук китепкана системасы негизги жана окуу-методикалык адабияттардын фондун камтыйт;

адистерди даярдоо багыттарына дал келүүчү тармактык басылмалар топтому,сурап билүүчү-библиографиялык, ошондой эле, борбордук жана жергиликтүү коомдук-саясий басылмалар биримдигинен түзүлгөн мезгилдик басылмалар фонду; ар бир билим берүү программасынын профилине ылайык монографиялардан жана мезгилдик илимий басылмалардын турган илимий адабияттар фонду

 

 

 

4.7. Дистанттык окутуунун окутуу каражаттары катары төмөндөгүлөр эсептелет:

  • Окуу- методикалык комплексттер;
  • Тармактык окуу-методикалык куралдар;
  • Кадимки жана мультимедиалык варианттагы компьютердик окутуу системалары;
  • Окуу-маалыматтык аудио материалдар жана көрмө материалдар;
  • аралык мүмкүнчүлүгүндөгү машыктыруучу каражаттар;
  • аралык мүмкүнчүлүгүндөгү материалдык жана билим базасы;
  • аралык мүмкүнчүлүгүндөгү электрондук китепканалар.

 

Заманбап билим берүү маалыматтарын жөнөтүүчү каражаттарга ДО системасында борбордук звено болгон телекоммуникация каражаттары жана алардын транспорттук негизи кирет. Алар билим берүү процесстерин камсыз кылуу үчүн колдонулат:

– зарыл болгон окуу-методикалык материалдар;

– окутуучу менен студенттин ортосундагы кербайланыш;

– ДО системасынын ичиндеги башкаруу маалыматтары менен алмашуу;

– эл аралык маалымат тармагына чыгуу, ошондой эле, чет элдик колдонуучулар үчүн ДО системасын колдонууга мүмкүндүк түзүү.

 

 

Дисциплинанын окуу-методикалык комплекси (ОМК) – бул окуу планынын программасына ылайык түзүлгөн, студенттердин дисциплинаны өздөштүрүүсүнө жардам берүүчү окуу-методикалык материалдардын топтому.

Дисциплинанын электрондук окуу-методикалык комплекси (ЭОМК) – дистанттык окутуунун Порталында же белгилүү бир дисциплина боюнча электрондук каражаттарда жайгашкан окуу-методикалык материалдардын комплекси.

 

ДЭОМК автору – окутуучу же окутуучулар тайпасынын чыгармачылык ишмердиги менен   иштелип чыккан иш. Эгерде окутуучу программа эки же андан ашык физикалык тараптардын ишмердиги менен түзүлсө, алардын ар бири автор катары эсептелинет.

 

 

4.8. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуган студенттин окуу иши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

-окуу планына ылайык  окуу сабактарына катышуу,ошондой эле, окутуунун башка формаларына катышуу (on

– line режиминдеги  же ҮжДББИ дагы сабактар (байланыш сааттары);

– практиканын бардык түрлөрүн өтүү;

– ДББТ колдонуу менен аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү тапшыруу;

– көрсөтүлгөн мөөнөттө текшерүү иштерин жана курстук иштерди аткаруу;

-сессия аралык мезгилде  сунушталган материалдар боюнча сабактарды өз алдынча өздөштүрүү;

– жыйынтыктоочу мамлекеттик экзаменди тапшыруу, бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоо жана коргоо.

 

4.9. Сырттан окуу формасынын студенттери үчүн окуу жылынын башталышы жана аякташы окуу планы боюнча белгиленет.. Окуу жылы эки семестрден турат.

Окутуу процесси институттун директору тарабынан бекитилген окуу процессинин графиги аркылуу жөнгө салынат.

 

Дисциплинанын окуу-методикалык комплекси (ОМК) – бул окуу планынын программасына ылайык түзүлгөн, студенттердин дисциплинаны өздөштүрүүсүнө жардам берүүчү окуу-методикалык материалдардын топтому.

Дисциплинанын электрондук окуу-методикалык комплекси (ЭОМК) – дистанттык окутуунун Порталында же белгилүү бир дисциплина боюнча электрондук каражаттарда жайгашкан окуу-методикалык материалдардын комплекси.

ДЭОМК автору – окутуучу же окутуучулар тайпасынын чыгармачылык ишмердиги менен   иштелип чыккан иш. Эгерде окутуучу программа эки же андан ашык физикалык тараптардын ишмердиги менен түзүлсө, алардын ар бири автор катары эсептелинет.

4.8.Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуган студенттин окуу иши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

окуу планына ылайык  окуу сабактарына катышуу,ошондой эле, окутуунун башка формаларына катышуу (on

– line режиминдеги  же ҮжДББИ дагы сабактар (байланыш сааттары);

– практиканын бардык түрлөрүн өтүү;

– ДББТ колдонуу менен аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү тапшыруу;

– көрсөтүлгөн мөөнөттө текшерүү иштерин жана курстук иштерди аткаруу;

-сессия аралык мезгилде  сунушталган материалдар боюнча сабактарды өз алдынча өздөштүрүү;

– жыйынтыктоочу мамлекеттик экзаменди тапшыруу, бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоо жана коргоо.

4.9. Сырттан окуу формасынын студенттери үчүн окуу жылынын башталышы жана аякташы окуу планы боюнча белгиленет.. Окуу жылы эки семестрден турат.

Окутуу процесси институттун директору тарабынан бекитилген окуу процессинин графиги аркылуу жөнгө салынат.

5.Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формасына студенттерди алуу.

Студенттерди кабыл алуу К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтуна (ҮжДББИ) кабыл алуу боюнча белгиленген эрежелеринин негизинде ишке ашырылат.

6.Студенттерди Маалыматтык- билим берүү порталына катооо.

Алуу буйругунун негизинде компьютердик технологиялар бөлүмү студенттерди ҮжДББИнун  Маалыматтык билим берүү порталына каттоону ишке ашырат., окуу тайпаларын түзөт жана студенттерге логин-паролдорду берет.

  1. Көрсөтмө берүүчү сессия.

7.1. Окутуунун алдында көрсөтмө берүүчү сессия өткөрүү каралган. Анда дистанттык окутуунун Маалыматтык-билим берүү порталында окутуу боюнча обзордук курс жана дисциплиналар боюнча обзордук лекциялар камтылат.

7.2.Көрсөтмө берүүчү сессиянын жүрүшүндө студенттер менен нускалоо өткөрүлөт:

  • ҮжДББИнун кызматкерлери дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун жалпы схемасын түшүндүрүшөт; окуу планы жана окуу процессинин графиги менен тааныштырышат;дистанттык окутуунун Маалыматтык-билим берүү порталында иштөөнүкөрсөтүшөт,зарыл болгон электрондук билим берүү ресурстарынын кайда жайгашкандыгын көрсөтүшөт ( окуу-методикалык материалдар жана тапшырмалар, окуу-методикалык көрсөтмөлөр, тестирлөө комплестери).
  • Окутуучулар теориялык курстарды үйрөнүү боюнча , практикалык, курстук, дипломдук иштерди аткаруу боюнча методикалык сунуштарды беришет; окуу процессинин жүрүшүндө консультация алуу үчүн окутуучу менен байланыш түзүүнүн формалары боюнча маалыматтарды беришет.

7.3.Окуу-методикалык материал өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:  академиялык жылга карата окуу процессинин графиги,  дистанттык окутуунун Маалымат-билим берүү порталы менен иштөө боюнча нускама, студенттердин билим денгээлин текшерүүнүн формасы, түрлөрү жана баалоо боюнча маалымат; окуу планындагы  дисциплиналар боюнча электрондук окуу-методикалык комплекстер (ЭОМК) менен иштөө.

7.4.ЭОМК тер өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:Дисциплина жөнүндө маалымат; Лекциялык жана практикалык сабактардын календардык-тематикалык планы; окутуучу жөнүндө маалымат; Лекциянын толук конспектиси; Агымдагы модулдук текшерүүгө карата текшерүүчү-модулдук тапшырмалар;студенттердин өз алдынча иштөөсү боюнча тапшырмалар; Дисциплина боюнча глоссарий же терминологиялык минимум; Текшерүү жана курстук иштердин темаларынын тизмеси;Курстук иштерди жазуу, жабдуу жана коргоо боюнча методикалык сунуштар;Практика боюнча Жобо; Студенттердин өз алдынча иштөөсү боюнча Жобо;өзүн-өзү текшерүү боюнча текшерүүчү суроолор жана тесттик тапшырмалар; Адабияттардын тизмеси жана Интернет ресурстар;Окуу китептеринин электрондук түрү; Консультация графиги ж.б.

  1. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен билим берүү программаларын ишке ашыруу процессинин катышуучуларынын өз ара карым-катышын уюштуруу.

 8.1. Сырттан-дистанттык окутуу сектору

– окуу бөлүмдөрүнө ДББТ колдонуу менен багыттарды даярдоо боюнча жумушчу окуу пландарын жөнөтөт;

– ДББТ колдонуу менен билим берүү программаларын ишке ашырган окутуучулардын билим алуусун жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

– Маалыматтык билим берүү системасында иштөөгө туура келүүчү сертификатка ээ ПОКдын эсебин жүргүзөт;

 

– адистерди даярдап чыгаруучу кафедралар менен бирдикте даярдоо багыттарына туура келүүчү негизги билим берүү программалары боюнча  электрондук окутуунун негизинде  жана ДББТ колдонуу менен ишке ашырылуучу жумушчу пландарды түзүшөт;

-ДББТ колдонуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программалы үчүн иштелип чыккан ЭОМКге карата талаптар макулдашылат

– Иштелип чыккан ЭОМКдин сапатына экспертиза жүргүзүүгө катышат;

ДББТ колдонуу менен окутуунун нормативдик-укуктук базасы боюнча мониторинг жүргүзүшөт, мында эл аралык стандарт эске алынат;

– ДББТ жана ЭОМК менен иштөөгө тиешеси бар жаны жоболорду, эрежелерди, стандарттарды жана башка нормативдик-укуктук методикалык иш кагаздарын иштеп чыгууга катышат;

– ДББТ колдонуу менен окутуунун бардык катышуучуларынын эскертүүлөрү жана сунуштары боюнча жалпылоо жана талдоо жүргүзүлөт;

– окугандардын өздүк курамы боюнча буйруктарды даярдайт;арадагы жана мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациялоону өткөрүү үчүн иш кагаздарынын топтомун түзөт жана алардын жыйынтыгы боюнча  маалыматтарды кагаз түрүндө жана электрондук түрдө сакташат;

– билим алуучулар менен институттун өз ара байланышын камсыз кылат;

-ДББТ колдонуу менен окутуу системасындагы агымдагы окуу процессинин мониторингин ишке ашырат;

– ДББТ колдонуу менен окутуу системасынын каражаттары аркылуу окуу жүгүнүн факт түрүндөгү аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

8.2. Кафедралар:

 

– бекитилген талаптарга ылайык ДББТ колдонуу менен жүргүзүлгөн билим берүү программалары үчүн ЭОМКды, тесттик тапшырмаларды, кошумча окуу материалдарын  иштеп чыгууну камсыз кылат;

– ДББТ колдонуу менен окутуу системасына киргизүүнүн алдында  иштелип чыккан ЭОМКдын  сапаттарын экспертизалоону өткөрүүгө катышат;

– ДББТ колдонуу менен окутууну ишке ашыруучу аткаруучуларды штаттагы окутуучулардын же сырттан келгендердин арасынан бекитет;

-ДББТ колдонуу менен окуу жүгүн аткарууну камсыз кылат;

– ДББТ колдонуу менен окутуу системасы үчүн иштелип чыккан  окуу ресурстарын үзүлтүксүз актуалдаштырууну жүргүзүшөт, мында практикалык тажрыйбалар жана жаны илимий материалдар эске алынат;

– ЭОМКди иштеп чыгуу процессинин ДББТ колдонуу менен электрондук билим берүүнүн талаптарына жооп бере тургандыгын көзөмөлдөйт;

– ДББТ колдонуу менен окутуу системасынын окутуучуларынын даярдыгын жана квалификациясын жогорулатуусун демилгелейт, окутуучуларды электрондук каражаттарды жана ДОТту колдонуу боюнча билим алууга багыттайт;

– жумушчу окуу пландарын электрондук окутуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программаларына жана ДББТ колдонуу менен окутууга ылайыкташтырат;

– жумушчу окуу пландарын түзүүдө  электрондук окутуунун өзгөчөлүктөрү жана ДББТ колдонуу менен окутуу эске алынат;

– компьтердик технологиялар бөлүмү менен макулдашып, конкреттүү билим берүү программалары боюнча ДББТ колдонуу менен өткөрүлүүчү сабактардын түрлөрүн аныктайт жана уюштурат;

– бекитилген окутуу графигине ылайык ДББТ колдонуу менен жүргүзүлүүчү окуу процессин камсыз кылат, ошондой эле, студенттердин өз алдынча иштерине көзөмөл жүргүзөт;

– электрондук каражаттарды колдонууменен көрмө конференцияларды, чаттарды, форумдарды , вебинарларды уюштурат (электрондук почта, skype ж.б.).

8.3. Компьтердик технологиялар бөлүмү:

– ДББТ колдонуу менен окутуу системасынын ишин уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылат;

– ДББТ колдонуу менен окутуу системасынын ЭОМК боюнча материалдык базасын түзөт жана сактайт;

– көрсөтмө берүүчү сессияда ДББТ мааниси жөнүндө студенттерге түшүндүрмө берет;

– студенттерге ДББТ окуу-методикалык жана программалык камсыздалышын  көрсөтөт;

– ДББТ колдонуу системасына мүмкүндүк алуу тартибин жана формасын аныктайт жана анын ишке ашырылышын камсыз кылат;

– электрондук окутуунун бардык катышуучуларына ДББТ колдонуу менен окутуу системасы жөнүндөгү суроолор боюнча консултациялык жардам көрсөтөт;

– зарыл болгон прафилактикалык иштерди аткарат.

9.ДББТ колдонуу менен окутуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздандыруу

9.1. ДББТ колдонуу менен жүргүзүлгөн окуу процесси багыттар боюнча ДББТ колдонуу менен окутууну эске алуу менен түзүлгөн окуу жана жумушчу пландарга ылайык ишке ашырылат

9.2. ДББТ колдонууда окуу дисциплиналарын окуу- методикалык жактан камсыздоо электрондук окуу материалдарын (ЭОМ) түзүү жана  электрондук окуу-методикалык комплексттерди (ЭОМК) калыптандыруу жолу менен ишке ашат.

9.3.ДББТ колдонуу менен билим берүү программаларын ишке ашырууда университеттин билим берүү маалымат ресурстарына  мүмкүндүк алуу электрондук окуу материалдарынжана электрондук окуу-методикалык комплекстерин университеттин сайтына (http://avn.indo.kg) жайгаштыруу менен камсыз кылынат.

9.4.ДББТ арналган электрондук окуу материалдары «Компетенттүүлүк подходдун негизинде электрондук окуу комплексттерин иштеп чыгуу боюнча окутуучулар үчүн атайын методикалык сунуштардын» талаптарына  ылайык иштелип чыгат.

9.5. Электрондук окуу-методикалык материалдардын өз убагынан кечиктирилип же сапатсыз даярдалышына окуу дисциплиналары боюнча окутууну камсыз кылуучу кафедра башчылары жооп берет.

Электрондук окуу материалдарынын же дисциплиналар боюнча электрондук окуу-методикалык комплекстеринин авторлору маалыматтардын  мазмунуна, актуалдуулугуна, тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө, электрондук окуу материалдарынын сапаттык критерийлерине жооп берүүсүнө персоналдуу түрдө жооп берет.

  1. ДББТ колдонуу менен окуу процессин уюштуруу.

9.1.ДББТ колдонуу менен билим берүү процессинин негизин студенттин белгилүү максатка багытталган жана көзөмөлдөнүүчү өз алдынча иши түзөт .Өзүнө ынгайлуу мезгилде жекече график менен серверге кирүүгө  жана окутуучу менен көзмө-көз же интерактивдүү пиркир алышуу мүмкүндүгү бар.

10.2. Окуу процессин жөнгө салуучу негизги иш кагазы болуп, К.Карасаев атындагы БГУ да бекитилген жогорку профессионалдык билим берүү боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартына  ылайык түзүлгөн окуу планы эсептелет.

10.3.ДББТ колдонуу менен окутуу окутуучулар менен студенттердин аймактык аралыкта жайгашуу шартында жүргүзүлөт. Алардын ортосундагы байланыш заманбап коммуникациялык каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат.

10.4.ДББТ колдонуу менен сырттан окуган студенттер үчүн эки окуу-экзамендик сессиясы уюштурулат. Окутуунун биринчи жылында бир аз өзгөрүүлөр болот. Биринчи курстагы биринчи окуу-экзамендик сессия эреже катары көрсөтмө берүүчү жана экзамендик болуп бөлүнөт. Сессия мөөнөттөрү окуу процессинин графиги менен аныкталат.

 Биринчи жылы окуп жаткан студенттер үчүн окуу жылынын башында көрсөтмө берүүчү сессия өткөрүлөт, ал төмөндөгүлөрдү камтыйт:

– студенттерге дистанттык технологияларды колдонуу менен окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берүү;

– студенттерди окуу базасы менен тааныштыруу, БГУнун ҮжДББИдагы билим берүү порталынын, AVN маалымат системасынын иштөө принциптери менен, администрация жана ПОК менен тааныштыруу;

– студенттерге анкета жүргүзүү;

– тайпаларды түзүү (компьютердик сабаттыгы боюнча) жана киришүү сабактарын өткөрүү боюнча жүгүртмө түзүү;

 

Сааттардын жалпы көлөмү төмөндөгүдөй сандык катнашата бөлүнөт: 20% – аудиториялык, 80% -өз алдынча иштөө.

Көрсөтмө берүүчү сессияга 72 саат көлөмүндөгү аудиториялык сабактар киргизилет.

Көрсөтмө берүүчү сессияда төмөндөгү дисциплиналар окутулат:Табигый-математикалык илимдер циклинин вариативдүү бөлүгү болгон ТБКнын эсебинен  «Дистанттык окутуунун негиздери» жана «Экология». Эгер студен кандайдыр бир себептер менен көрсөтмө берүүчү сессияга келбей калса, бул боюнча дирекцияга маалымат бериши керек.

ДББТ колдонуу менен сырттан окуу формасына алынгандан кийин студентке төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилет:

–  Дисциплиналардын электрондук окуу-методикалык комплексттери,  студенттердин билимдерин текшерүүчү компьютердик тестирлөө тапшырмалары жана башка керектүү материалдар  жайгашкан дистанттык окутуунун серверине кирүүгө мүмкүндүк алышат.

– Электрондук китепкана, материалдык база ж. б.у.с. Институттун электрондук ресурстарына мүмкүндүк алышат.

10.6.Колдонуучуга жеткиликтүү болгон бардык окуу жана окуу-методикалык материалдарды тираждап чыгарууга жана үчүнчү жактарга берүүгө болбойт.

10.7.ДББТ колдонуу менен окуу прцессин уюштурууда төмөндөгү окуу ишмердигиннин түрлөрү колдонулат: лекция, консультация, семинар, практикалык сабактар, вебинарлар,

текшерүү иштери, реферат, тестирлөө, курстук иш,  окуу материалдарын өз алдынча өздөштүрүү, илимий-изилдөөчүлүк иштер, практика өтүү, бүтүрүүчү квалификациялык иш аткаруу, ошондой эле, ДББТ окуу ишмердигинин башка түрлөрүндө да колдонуу.

 10.8.Студенттердин өз алдынча иштерине көзөмөл жүргүзүү:

Агымдагы жана арадагы тапшырмаларды текшерүү, курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерге жетекчилик кылуу электрондук коммуникациялардын жардамы ( студент электрондук почта аркылуу же портал аркылуу иштерин жөнөтөт)  менен же салттуу түрдө ишке ашырылат.

10.9.Курсттук иш окуу планына ылайык курстун негизги теориялык болүгү же бөлүмү өтүлүп, өздөштүрүлгөндөн  кийин аткарылат. Курстук иштин темалары кафедралар тарабынан аныкталып, кафедра башчысы тарабынан бекитилет жана  ҮжДББИ окуу-методикалык кенеши менен макулдашылат.

10.10.Арадагы аттестациялоону жүргүзүү (курстук иштерди жана долбоорлорду коргоо), билимди текшерүү  ҮжДББИ окутуучулары тарабынан көрсөтүлгөн тартипте компьютердик жана телекоммуникация  каражаттарынын жардамы менен, ошондой эле, бетме-бет байланыштын негизинде ишке ашырылат.

10.11. Студенттик окуу-билим берүүчүчлүк ишмердиги ҮжДББИ дистанттык окутуу порталында жайгаштырылган окуу материалдарын, эдлектрондук окуу-методикалык комплексттерди, окуу китептеринин электрондук варианттарын өз алдынча өздөштүрүү аркылуу жана Институттагы теориялык окутуу (байланыш сааттары) сабактары аркылуу, коммуникация каражаттары аркылуу октуучуга суроо жөнөтүү,агымдагы модулдук текшерүүнү өтүү, экзаменге даярдануу (жыйынтыктоочу текшерүү) курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруу,практика өтүү аркылуу ишке ашырылат.

 10.12.Семестрдин агымында студент окуу процессинин графигине ылайык:

– телекаммуникация каражаттары аркылуу окутуучу менен байланышат (электрондук почта,чат, форум ж.б.);

– арадагы модулдук текшерүүдөн өтөт, тактап айтканда,  текшерүүчү- модулдук тапшырмаларды өз алдынча компьютердик тестирлөө түрүндө  өтөт;

– дисциплиналар боюнча өз алдынча иштерди аткарып, электрондук почта аркылуу окутуучуга жөнөтөт;

– милдеттүү түрдө компьютердик тестирлөө түрүндө жыйынтыктоочу текшерүүнү (экзамен) тапшырат.

 10.13.Окуу дисциплинасынын спецификасын эске алуу менен эгерде техникалык мүмкүнчүлүк болсо, лекциялар, практикалык сабактар, агымдагы модулдук текшерүүлөр «онлайн» режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.

10.14.Консультация системасы консультациянын бир канч түрүн жүргүзөт:

– жекече бетме-бет ( айрым учурларда) студенттердин демилгеси боюнча);

– жекече дистанттык (текшерүү жана аттестация иштери боюнча материалдар, телефон аркылуу, e-mail аркылуу, чат, форум, скайп);

-дистанттык тайпалык (чат аркылуу, FAQ рубрикасы – порталда көп берилүүчү суроолор, web телеконференциялар).

Жекече консультациялар электрондук почта, чат аркылуу, ҮжДББИнун дистанттык окутуу Порталындагы тематикалык форум же ҮжДББИда имаратында өткөрүлөт. Экзамен алдындагы тайпалык консультациялар окуу планынын графигине ылайык жүгүртмөдө көрсөтүлгөн мезгилде өткөрүлөт.

10.15.Окуу жана практианын башка түрлөрү окуу мезгилинде же окуудан тышкаркы мезгилде өткөрүлөт жана теориялык алган билимдерди бышыктоо жана терендетү, ошондой эле,  студенттердин өз адистиктери боюнча бекем практикалык көндүмдөргө ээ болуу максатын көздөйт.

10.16.Окуу, өндүрүштүк жана квалификациялоо алдындагы практикалар буларга тиешелүү атайын жоболордун негизинде базалык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда, ишканаларда  өткөрүлөт. Практиканын бардык түрлөрүнүн көлөмү, мазмуну жана өткөрүү мөөнөтү жумушчу окуу пландарына  жана программаларынаылайык аныкталат. Алардын негизинде кафедралар зарыл болгон иш кагаздарын иштеп чыгышат.

10.17. Студенттердин ДББТ колдонуу менен жүргүзүлгөн агымдагы жана арадагы аттестациялары компьютердик тестирлөө аркылуу жана өз алдынча иштерди аткаруу аркылуу ишке ашаырылат. ДББТ колдонуу билимди баалоонун обьективдүүлүгүн, аттестация маалыматтарынын сакталышын жана аттестация боюнча статистикалык маалыматтарды компьтердик иштеп чыгуу  мүмкүнечүлүгү менен камсыз кылат.

Студенттердин ДББТ колдонуу менен окуу дисциплиналарын өздөштүрүүсү боюнча агымдагы модулдук текшерүү Билим берүү порталынын (дареги :http://avn.indo.kg/test/)

 жардамы менен компьютердик тестирлөө аркылуу ишке ашырылат.

10.19.Бир модулга эсептелинген окуу материалын өздөштүрүп бүткөндөн кийин студент окуу процессинин графигине ылайык агымдагы модулдук текшерүүдөн өтөт.

10.20.Агымдагы жана жыйынтыктоочу текшерүүгө карата иштелип чыккан тестик тапшырмалар окутуучулар тарабынан иштелип чыгат жана ар кафедрада ички эскпертизадан өткөрүлүп, кафедранын отурумунда бекитилет, бул боюнча атайын протоко түзүлөт.

10.21.Тесттердин мазмунуна жана алардын белгилүү багыт боюнча Мамлекеттик ьилим берүү стандартынын дидактикалык бирдиктерине дал келиши, ошондой эле, жумушчу программалардын талаптарына жооп бериши боюнча кафедра башчысы жооп берет .

10.22.Текшерүүчү тестик тапшырмаларсандык жана сапаттык жактан  студенттин даярдык денгээлин оьбективдүү баалоого мүмкүндүк бере тургандай денгээлде түзүлөт.

  1. Арадагы жана жыйынтыктоочу модулдук текшерүү (экзамендик сессия).

11.1.Экзамендик сессияга мүмкүндүк алуунун негизи болуп, акуу планында каралган студенттин бардык окуу иштерин аткаруусу жана контракты өз убагында төлөөсү эсептелет.

11.2.Арадагы жана жыйынтыктоочу текшерүүнү өткөрүүдө төмөндөгү талаптар аткарылышы керек:

 

11.2.1. Жыйынтыктоочу текшерүү (экзамендер) билимдерди текшерүүнүн негизги формасы болуп эсептелет:

  • «AVN» маалыматтык системасы аркылуу аралыктан компьютердик тестирлөө;
  • Жазуу иштерин (текшерүү иштери, рефераттар,курстук иштер, докладдар ж.б) «AVN» маалыматтык системасы жөнөтүү;
  • Арадагы текшерүү экзамендерин программа-аппараттык система каражаттарын  колдонуу менен on-line режиминдеги видеоконференция байланыш системасы аркылуу тапшыруу;
  • Жогоруда саналган формалардын комбинациясы

11.2.2.Компьютердик тестирлөө системасын колдонууда текшерүү автоматтык түрдө ишке ашаырылат.

11.2.3.Студенттердин жетишкендик жыйынтыктарынын эсеби электрондук зачеттук китепчелерде белгиленет.

11.2.4. Экзамендин жыйынтыктарын текшерүүнү  курстун менеджери аткарат, ал эми бааларды коюу экзамендин жыйынтыктары боюнча электрондук ведомоско институттун окутуучулары тарабынан коюлат.

Сессия учурунда чет өлкөдө (иш сапары, такшалма ж.б.) болуп калган студенттермодулдурда жана экзамендерды аралыктан таншыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

11.2.6. Карасаев атындагы БГУнун ҮжДББИ Окуу-методикалык кенешинин чечими (2012-жыл 19.09 протокол №1) менен семестрдик текшерүүнүн жыйынтыктары электрондук түрдө (электрондук зачеттук китепчелерде) жана кагаз түрүндө (экзамендик ведомосттордо жана жетишүү-катышуу журналында) экинчи нускасы сакталат.

 

12.1.Студенттердин арадагы жетишкендиктерин текшерүү окуу процессинин бекитилген графиги боюнча ар бир дисциплинардык модуль аркылуу ишке ашырылат.

Арадагы модулдардын саны белгилүү бир  дисциплина боюнча кредиттердин санына жараша болот: 2 же 3 кредит – 1-модуль, 4 же андан ашык кредит – 2-модуль. Дисциплина боюнча арадагы модулдардын саны экиден ашпашы керек. Арадагы текшерүүдө окутуучу тарабынан  арадагы рейтингдик баа коюлат. Ал  студенттин дисциплинардык модулдарды өздөштүрүүсүнүн рейтингдик баллдардын суммасы.

1-модуль боюнча арадагы текшерүүнү өткөрүү формасы – компьютердик тестирлөө.1-модулдагы арадагы текшерүүнүн максималдуу баллы – 100 балл. 2-модуль боюнча арадагы текшерүүнү өткөрүү формасы – компьютердик тестирлөө.2-модулдагы арадагы текшерүүнүн максималдуу баллы – 100 балл.

12.2. Студенттердин жетишкендиктерин жыйынтыктоочу текшерүү өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт: дисциплина боюнча экзамен тапшыруу жана жыйынтыктоочу рейтингдик баа коюу.Эгерде арадагы текшерүү баллы жыйынтыктоочу рейтингдик баллга жетпей калса, студенттердин чыгармачылык мүнөздөгү (ӨАИ)  аткрган иштери боюнча 25 балл  кошулат.

12.3. Дисциплиналар боюнча арадагы жана жыйынтыктоочу текшерүү экзамендик ведомостко төмөндөгүдөй сандык катышта коюлат:

 0 дөн 54кө чейин – «канагаттандырарлык эмес»

 55 тен 69га чейин – «канагаттандырарлык»

70 тен 84кө чейин –«жакшы»

85 тен 100гө чейин –«эн жакшы»

12.4. Жыйынтыктоочу текшерүүгө (экзаменге) мүмкүндүк алуу үчүн студент арадагы текшерүүдө 55 баллдан кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу керек. Эгерде студент жыйынтыктоочу текшерүүгө келбей калса, анда жыйынтыктоочу баа «келген жок».

12.5. Эгерде  арадагы текшерүүнүн жыйынтыгы 55 баллдан төмөн болсо, окутуучу студенттин  кошумча аткарган иштеринин эсебинен ( реферат, текшерүү иш,эссе, тесттер, доклад ж.б.) өтмө баллга чейин (56 баллга чейин) рейтингди жогорулата алат.

  1. Академиялык карыздар

13.1. Эгерде студент арадагы жана жыйынтыктоочу (экзамен) модулдук текшерүүдө жеткиликтүү өлчөмдөгү балл топтой албаса, анда студент академиялык карызы бар деп эсептелинет.

13.2. Эгерде студент белгиленген мөөнөттө курстук ишти тапшырбаса же канагаттандырарлык эмес баа алса, анда ал академиялык карыз деп эсептелинет. Бул учурда жетекчи курстук иштин мурунку темасын калтырат же жаны теманы тандоону сунуштайт.

13.3. Эгерде студент жүйөлүү себептерсиз практиканын программасын аткарбаса же тескери мүнөздөмө алса, ошондой эле, отчет тапшырууда «канагаттандырарлык эмес» деген баа алса, акдемиялык карыз деп эсептелинип, практикага кайрадан жөнөтүлөт.

  1. Келерки окуу жылына которуу тартиби

14.1. Жаны окуу жылынын башталуу мөөнөтүнө чейин сырттан дистанттык окутуу сектору ректордун наамына студенттерди келерки курска которуу жөнүндө билдирүү сунуштайт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

  • үстүбүздөгү жылдын окуу планын аткарган жана академиялык карыздары жок студенттер. (Айрым өзгөчө учурларда студенттердин ҮжДББИ директорунун наамына арыз менен кайрылуусунун  негизинде академиялык карыздар келерки жыл ичинде тапшырууга уруксат берилет).

14.2. Бүтүрүүчү курска которулууда студент эч кандай академиялык жана финансылык карызга ээ болбошу керек. (Айрым өзгөчө учурларда кечиримдүү себептерге байланыштуу гана ҮжДББИ директору белгилүү мөөнөттүн ичинде академиялык жана финансылык карыздарды жоюуга уруксат берет.).

Студенттерди ДББТ колдонуу менен сырттан окутуу формасына которуу жана ордуна кайра коюу тартиби К.Карасаев атындагы БГУнун ректору тарабынан бекитилген Жобонун негизинде ишке ашырылат.