Директордун кайрылуусу

Директор ИНДО (Чогулдуров Муктар Дуйшонович)

Чогулдуров Муктар Дуйшенович

География илимдеринин кандидаты, доцент
 

          Учурдагы экономикалык кырдаал сиздердин көпчүлүгүнүздөрдү келечек тууралуу ойлонууга мажбур кылды. Ыкчам өнүгүп жаткан Маалымат технологияларынын кылымы өзү менен бирге олуттуу экономикалык өзгөрүүлөрдү алып келди. Базар экономикасынын өзгөрүшү, өлкөнүн экономикалык турмушунда аймактардын ролунун жогорулашы  экономиканын, каржынын, башкаруунун  жана маалымат технологияларынын түрдүү тармактарынын маанилүүлүгүн белгиледи.

         Эгерде кечеки окуучулар үчүн келечекке, оолуттуу жашоого өзүнүн алгачкы кадамын таштоо керек болсо жана кайсы жол менен кетүүгө өз алдынча тандоо кылса, көпчүлүк тажрыйбалуу адистер өздөрүнүн кесиптик жолун кайрадан карап чыгууну туура көрүшүүдө, ошондой эле, базар экономикасынын заманбап талаптарын канагаттандыруучу жаңы , дээрлик перспективдүү, талап кылынуучу кесиптерге ээ болууга умтулушууда.

         Ийгилик сыры адамдын билим деңгээлинде экендиги эч кимге табышмак эмес. Ошондуктан жожду туура тандоо да чечүүчү маселелердин бири. Жогорку билим актуалдуу болуп,  замандын талабына жооп бериши керек. Биз өзүбүздүн студенттерибизге дүйнөлүк бидим берүү системаларынын эң мыкты салттарына туура келүүчү академиялык программалар боюнча сапаттуу билим алууну сунуштайбыз.

         Биз окутуу процессин заманбап инновациялык жана компьютердик технологияларды колдонуу менен жогорку деңгээлде ыйгайлуу, жеткиликтүү жана сапаттуу кылууга умтулабыз.

         Биздин окуу жайыбыз иш менен алектенген аудиторияга арналган, тактап айтканда,  иш менен окууну айкалыштырууну максат кылгандар үчүн абдан  ынгайлуу.

         Натыйжалуу билим берүү максатында биз студенттер үчүн ыңгайлуу болгон дистанттык окутуу технологияларын кенири колдонобуз.

         Биздин окуу жайдын башкы принциби – студенттер үчүн билим алууга ыңгайлуу шарт түзүү.