Дистанттык билим берүү

  • Дистанттык билим берүү  деген эмне?
  • Дистанттык билим берүүнүн мүнөздөмөсү
  • Дистанттык билим берүү каражаттары
  • Окутуу технологияларын кантип тандоо керек?
  • Окутуу технологиялары
  • Окуу материалдары
  • Материалдарды кандай ырааттуулукта үйрөнүү керек?

 

  • Дистанттык билим берүү деген эмне?

        Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окутууда көңүл буруучу  жагдайлар: дистанттык билдим берүү технологиялары (ДББТ) – бул окутуу формасы эмес, ал  билим берүү технологиялары. ДББТ күндүзгү, күндүзгү жана сырттан, сырттан окуу формаларында, ошондой эле, экстернат формаларында да колдонула берет.

         ДББТ –  бул студенттин кайда жашагандыгына карабастан, билим алууга мүмкүндүк берүүчү окутуу процессин уюштуруучу формалардын жана методдордун системасы. Бул жерде жаңы маалымат технологиялары жетектөөчү негизги ролду ойнойт.

         Бүгүнкү күндө биз дистанттык окутуу жөнүндө көп угабыз. Эгерде «Ал дистанттык билим алып жатат» десе, эмнени түшүнүшүбүз керек? Анда студент кадимки эле салттуу окутуу формасында (күндүзгү, сырттан же экстернат) билим алып жатат, бирок окутуу ДББТ негизинде ишке ашырылууда дегенди түшүнүшүбүз керек. Мына дал ушундай окутуу дистанттык окутуу деп аталат. Ошондуктан бүгүнкү күндө дистанттык окутуу  жана ДББТ деген түшүнүктөр синоним болуп калышты. Биз дистанттык окутуу же анын кыска түрү ДОну колдонобуз.

  • ДОнун мүнөздөмөсү

         Дистанттык окутуунун негизги максаты – студенттерге жашаган жеринен эле негизги жана кошумча кесиптик билим берүүчү программаларды инновациялык, педагогикалык жана маалымат технологияларын окуу процессинде колдонуу менен өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзүү.

           ДО төмөндөгүдөй мүнөздөлөт:

 

  • студент менен окутуучунун ортосундагны мейкиндик жана мезгилдик ажырым;
  • окуу курсунун негизги бөлүгүн студент өз алдынча үйрөнүүсү – өз алдынча билим алуунун аныктоочу ролу;
  • интерактивдүүлүк  – окуу процессиндеги студент менен окутуучунун өз ара байланышынын милдеттүү элементи болуп, электрондук почта, телефон аркылуу сүйлөшүү жана жолугушуу;
  • билим берүү процессин инновациялык педагогикалык жана маалыматтык технологиялардын базасында түзүү;
  • окуу процессин толук методикалык камсыздоо – бардык зарыл болгон окуу жана методикалык материалдар студенттерге окуу башталганга чейин берилет;
  • материалды  өздөштүрүүнүн убактысын  өз алдынча пландоо мүмкүнчүлүгү (окуу мөөнөтүн кыскартуу же узартуу);
  • окуу төлөмүн төмөндөтүү.

ДО каражаттары

ЧУдагы ДОнун негизги каражаттары:

  • презентациялык материалдар
  • жумушчу дептерлер ( кагаз түрүндө же электрондук түрдө)
  • окуу көрмө фильмдери, аудиозапистер
  • адистештирилген мультимедиялык окуу куралдары;
  • компьютердик окутуучу программалар;
  • интерактивдүү лабораториялык практикумдар;
  • текшерүүчү-тестирлөөчү комплекс.

Окутуу технологияларын кантип тандоо керек

         Биз компьютер менен иштөө көндүмдөрү бар жана Интернет тармактарына эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ  студенттерге тармактык технологияларды тандоону сунуштайбыз. Эгерде компьютер менен иштөө абитуренттин күндөлүк ишмердиги болбосо, анда алар үчүн окутуунун кейс технологияларын тандоо негиздүү болот.

                Окутуу технологиялары

Тармактык технология

         Окутуунун тармактык технологиясында студентке зарыл болгон бардык окуу материалдары университеттин серверинде жайгашат.

Окутуунун тармактык технологиясында студент системалуу түрдө ПК менен иштөөсү керек жана ошондой эле Интернет тармактарына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл. Анткени практикалык иштердин, текшерүү иштеринин жыйынтыктары, электрондук тест тапшыруу, окутуучу менен электрондук почта аркылуу пикир алышуу Интернет аркылуу ишке ашырылат. Мындай технологиянын эң жакшы жагы болуп, студенттердин окуу жайга келүүсүн кыскартуу (1 жылда  1 эле жолу – кундузгу аттестациялоо) менен алардын убактысын үнөмдөө жана аралыктан иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү эсептелет.

Кейс технологиясы

         Дистанттык билим берүү (ДББ) кейс технологияларынын базасында университеттин окутуучулары тарабынан иштелип чыккан жана  КРнын Билим берүү министирлиги тарабынан сунушталган заманбап окуу материалдарын колдонууга , ошондой эле,  аудиториялык сабактардын активдүү формаларын (тренинг, иштиктүү оюндар ж.б.) колдонууга  негизделген.

Силер интернет-кейс технологиясы боюнча окууда төмөндөгүлөрдү ала аласынар:

  • кыска, так жана кызыктуу баяндалган окуу курстарын, тапшырмаларды, өзүн текшерүүчү тесттерди камтыган окуу-методикалык комплекттер;
  • экзаменге алдын-ала дарярданууга мүмкүндүк берүүчү тесттер топтому, текшерүү иштеринин темалары, экзамендик суроолор.

 

Мына ушундай окуу материалдарынын топтомунун жардамы менен, ошондой эле,  сабактарды рационалдуу  уюштуруунун натыйжасында студент 80% ӨЗ АЛДЫНЧА билим  ала алат.

Студент менен окутуучунун пикир алышуусу негизинен бетме-бет (бир жылда 3-4 жолу) ишке ашат.

 

Окуу материалдары

 

Дистанттык окутуу   сайтына киргизилген  бардык окуу материалдары негизги 6 блокко бөлүнөт (ар бир дисциплина боюнча):

  • Курсту баяндоочу иш кагаздары;
  • Маалыматтык блок (лекциялар);
  • Окутуучу блок (интерактивдүү лабораториялык практикумдар);
  • Бышыктоочу блок (практикалык иштер);
  • Текшерүүчү блок (текшерүүчү жана тесттик тапшырмалар, реалдуу мезгил тартибиндеги семинарлар);
  • Кеңейтүүчү блок (глоссарий, кошумча материалдар, адабияттарга жана Интернет тармактарына карата шилтемелер).

         Лекция материалдары текст формасында берилген, анда түрдүү графикалык толуктоолор (иллюстрация, таблица, диаграмма) жана флэш-роликтер орун алат. Лекция материалдарына  көрсөтмөлүү интерактивдик роликтерди киргизүү теориялык материалдарды өздөштүрүү процессин кыйла көрсөтмөлүү жана ачык-айкын кылууга жардам берет. Материалдар модулдук түрдө берилет.

         Интерактивдүү лабораториялык практикумдар реалдуу жабдуулардын жана приборлордун иштерин моделдештирет. Натыйжада дисциплиналар боюнча стандарт жана окуу планы аныкталат. Бардык эле дисциплиналар студенттердин реалдуу жабдуулар менен иштөө көндүмдөрүн талап кылбайт, ошондуктан интерактивдүү лабораториялык практикумдар бардык курстарда кездешпейт.

         Практикалык иштер студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана бышыктоого арналган. Практикалык иштер боюнча тапшырмалар текст түрүндө  берилип, зарыл болгон көрсөтмөлүү каражаттар жана видео, аудио комментарийлер менен толукталган.

         Реалдуу мезгил тартибиндеги семинарлар студент менен окутуучунун өз ара байланышын реалдуу мезгилде ишке ашырууга багытталган. Мында алар мурдатан белгилүү болгон суроолорду талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Семинардык сабактардын эки түрү колдонулат: көрмө семинарлар жана тексттик семинарлар.

         Тесттик тапшырмалар студенттерге белгилүү бир теориялык материалдарды өздөштүргөндөн кийин берилет. Тесттик подсистема IMS QTI эл аралык стандартына негизделген. Ал белгилүү болгон бардык тесттик тапшырмаларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча баа автоматтык түрдө коюлат.

 Окуу материалдарын төмөндөгүдөй  ырааттуулукта үйрөнүү керек:

  1. Силер биринчи кезекте теориялык материалдарды окуп үйрөнүшүнөр керек жана текстте берилген өзүн-өзү текшерүүчү суроолорго жооп беришинер керек;
  2. Андан кийин практикалык иштерди аткаргыла (отчеттор жана алынган жыйынтыктар окутуучуга электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт);
  3. Мына эми электрондук тестирлөөнү ишке ашыргыла. Тестирлөөнүн жыйынтыгы дароо белгилүү болот;
  4. Ар бир бөлүмдүн аягында текшерүү иштери берилген. Алар жогоруда көрсөтүлгөн бардык окуу иштерин аткаргандан кийин ишке ашырылат.

         Тесттик тапшырмаларды аткарууга шашылбагыла –тест бир гана жолу тапшырылат! Көнүл кош болбогула! Бардык тесттерди алдын ала көрүүгө болот.Силер «Текшерүү» деген баскычты басмайынча, жыйынтык серверге жөнөтүлбөйт.

         Эгерде алдыдагы практикалык ишти окутуучу тапшырылды деп чегербесе, кийинки практикалык тапшырманы аткарууга мүмкүн эмес.

         Эгерде Силер практикалык иштерди аткара албасанар, теориялык материалдар түшүнүксүз болсо, эч капа болбогула. Бул учурда аталган дисциплина боюнча жооптуу окутуучу менен электрондук почта аркылуу  байланышып,  өзүнөрдүн көйгөйүнөр тууралуу маалымдашынар керек. Силерге зарыл болгон жардам берилет. Эн башкысы мындай маселени чечүүнү көпкө созбоо талап кылынат.
        

         Бардык кыйынчылыктар, түшүнбөгөн маселелер боюнча дистанттык билим берүү борборуна маселенин чоо-жайын баяндаган электрондук кат жөнөткүлө. Биз Сиздерге жардам берүүгө ар дайым даярбыз!

                   Жыйынтыктоочу сунуштар

  • материалдарды окуу графигинде көрсөтүлгөн тартипте өздөштүргүлө;
  • тест тапшырууда жооптун туура экендигине көзүнөр жеткенде гана ишти баштагыла;
  • окуу планы тарабынан каралган бардык практикалык иштерди аткаргыла;
  • эгерде материалды өздөштүрүүдө кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, дароо окутуучуга кайрылгыла;
  • окуу графигинде көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүн сактагыла жана кийинкиге калтырбагыла.