Жаңылыктар

Согуш ардагерлери бизде мейманда

7-майда  үзгүлтүксүз жана аралыктан  билим берүү институту жана БГУнун лицейинин окутуучулары менен лицейисттери  Октябрь райондук администрациясынын аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери  менен жолугушу- реквием өткөрүштү. Жолугушуу-реквиемге райондук ардагерлер Кеңешинин төр агасы, КРдин эмгек сиңирген экономисти Мелис Ногойбаев, Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында аттанып, Ыраакы Чыгышка чейин согуштук узак жолду басып өткөн Умар Сооронкулов, тылдын каарманы, КРдин эл агартуусунун отличниги Садырбек Аманкулов жана согуш ардагери, 1956-жылы Венгриядагы согуштук  кагылыштардын катышуучусу Николай Сиротинцевдер катышып, башынан кечирген алаамат учурлар жөнүндө БГУнун окутуучулар жамаатына жана лицейдин окуучуларына кызыктуу маек куруп беришти.

Жолугушуу борбор шаарыбыздын Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу аземи менен башталып, инстиутуттун жыйындар залында уланды. Согуш ардагерлери Улуу жеңиш күнүнө карата  өткөрүлгөн патриоттук тарбия саатында окуучулардын кызыккан суроолоруна жоопторду беришип, аларды мекенчилдикке, сүйүктүү шаарын сүйүүгө жана аны таза сактоого чакырып кетишти.

Жолугушуунун  жүрүшүндө институттун окутуучулары Э.Хусаинова менен О.Штыбаевалар согуш учурундагы кыргызстандыктардын каарман эрдиктерине токтолуу менен, элибиздин жеңишке жетишүүгө кошкон салымдары жөнүндө кызыктуу баяндама жасашты. Кече лицейдин окуучуларынын  концерттик номерлери менен коштолуп,  соңунда ардагерлерге чакан белектерди, акчалай көмөктөрдү көрсөтүү менен солдаттык тамак аш тартууланды.

 

 

Comments Off on Согуш ардагерлери бизде мейманда