Новости

«Электрондук китепкана эшигин ачты»

Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун  илимий китепканасы жана окуу залы  капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Көчүрүүчү жана сканерлөө үчүн орг техникалар, заманбап үлгүдөгү компьютерлер сатылып берилди. Китепканага 2014-15- окуу жылында окуу жайда окутулуп жаткан адистиктер боюнча  3387 окуу китептери алынды.

Китепкананын кызматкерлери учурда электрондук китепкана түзүүнүн үстүндө жемиштүү иштеп жатышат. Экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы, менеджмент, мамлекеттик муниципалдык башкаруу, тилдерди окутуунун теориясы жана практикасы, гуманитардык билимдер боюнча 43төн ашык электрондук китептер окурмандарын күтүүдө. Сиздерди кызыктырган суроолор болсо төмөндөгү электрондук почталарга кат жөнөтүп байланышка чыксаӊыздар болот:

vatashi 13@mail.ru. , toktobakieva @mail.ru

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *