Жаңылыктар

«Тилдерди дистанттык окутуунун жаны ыкмалары» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.

 Дистанттык билим берүүнүн башаты

БГУнун алдындагы Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун ачылганына үстүбүздөгү жылы он беш жыл толду. Бул жылдардын ичинде институттун жамааты үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Институтубузда өлкөбүздүн ар кайсы областтарынан, райондорунан келген сырттан окуган студенттер билим алышат. Жылдын башталышы менен он беш жылдыкка карата ар кандай иш чаралар жүргүзүлө баштады. Айтмакчы, дүйнө жүзүндөгү элдер 21-февраль күнү Эл аралык эне тили майрамын белгилешет. Институтубуздун 15 жылдыгына жана эне тили майрамына арнап, окуу жайыбызда «Тилдерди дистанттык окутуунун жаны ыкмалары» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.

Жыйырманчы кылымдын аягында башталган компьютердин кызматы азыр жыйырма биринчи кылымдын башында кеңири кулач жайып, ар тараптан өнүгүп, информациялардын булагы болуп гүлдөп турган учуру. Өлкөбүздүн ар кайсы булу-бурчунан келген студенттер азыр өздөрү турган жерлерден компьютердин жардамы менен окуп, үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө жетишип жатышат. Бирок мындай эмгекти баштоо оңойго турган жок. Бир кыйла татаал эмгекти талап кылууда. Мына ушул дистанттык (аралыктан) окутуу боюнча өздөрүнүн иштерин көрсөтүп, ошону менен бирге борборубуздагы жогорку окуу жайларынын окутуучулары, адистери, окумуштуулары менен ой бөлүшүп, алардын да иштери менен таанышуу максатында 19-февраль күнү институттун Тилдердин теориясын жана практикасын окутуу кафедрасынын окутуучуларынын жана институттун башында турган жетекчилердин уюштуруусу менен «Тегерек столго» чогулушту. «Тегерек столго» Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинин, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин окумуштуу, окутуучулары катышышты.

Жыйынды институттун директору география илимдеринин кандидаты М.Д.Чогулдуров ачып, институттун иштери жөнүндө баяндама жасады. Улуттук университеттин чет тилчи окутуучусу Акунова Гульнара Такеевнанын, Жекишева Нуркыз Темирбековнанын, «Манас» университетинен келген ф.и.к. Төлөкова Эльмира Турдубаевнанын докладдары окулуп, экрандан көрсөтүлдү.

Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун иштери менен «Тилдердин теориясын жана практикасын окутуу» кафедрасынын башчысы Токоева Назгүл Амангуловна тааныштырды.

Жыйындын аягында педагогика илимдеринин доктору Чыманов Женишбек Арипович окуган докладдар боюнча өзүнүн жыйынтык сөзүн айтты. Жакшы ойлорду кубаттап, аны башкаларга жайылтуу керектигин белгиледи.

Мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Дюшембиева Айгүл Осмоновна өздөрүнүн институтунда жүргүзүлүп жаткан иштерди баяндап келип, бул жерде жүргүзүлгөн иштер боюнча өзүнүн оюн айтты.

Катышуучулардын баардыгы пикир алышып, ой бөлүшкөндүгүнө канааттанып, мындай «тегерек столдордун» көп-көп болуп туруусун сунушташып тарашты. Институттун директору М.Д.Чогулдуров окуу жылдын аягында боло турган илимий конференцияга даярданып жатышкандыгын айтып, келген конокторду конференцияга келүүгө чакырды.

Comments Off on «Тилдерди дистанттык окутуунун жаны ыкмалары» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.