-
«Компетентүүлүктүн негизинде тест тапшырмаларынын иштелип чыгылышы» деген темадагы семинар – тренинг
К.Карасаев атындагы БГУнун УжДББ институтунун ТТжПО кафедрасы тарабынан 2016-жылдын 21-апрелинде өткөрүлгөн «Компетентүүлүктүн негизинде тест тапшырмаларынын иштелип чыгылышы» деген темадагы семинар – тренинг боюнча маалымат Учурдагы илим менен техниканын өнүгүү шартында окутуунун жаңы ыкмалары пайда болуп, калыптанууда. Дистанттык билим берүүнүн негизги өзгөчөлүгү – инсандын географиялык орун алышынан, билим берүү субьектилеринин ортосундагы аралыктан көз каранды эместиги. Дистанттык билим берүүдө студенттердин билимин текшерүү ыкмасы катары тестирлөө эсептелинет. Тест – бул стандартташкан тапшырмалардын биримдиги. Тестирлөө студенттин билимин, көндүмдөрүн, жөндөмдөрүн, ошондой эле, психофизиологиялык, инсандык мүнөздөмөсүн текшерүүгө, өлчөп-ченөөгө мүмкүндүк берет. Тесттик тапшырмалардын максаты – тест тапшыруучудан жооп алуу, тактап айтканда, белгилүү бир илим тармагы боюнча тест тапшыруучунун билими, интелектуалдык жөндөмү,…